Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар

Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Юриспруденция”, “Гуманитардык илимдер», “Педагогикалык билим берүү”, “Социалдык илимдер”, “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар”).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;

— Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;

— Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

Экономика тармагы боюнча: 

-Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы.

Социалдык тармак боюнча:

—  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүдө” мыйзамы ;

— Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамы.

 

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, infodocs жана башкалар).

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

— сынактык комиссиянын төрагасынын дарегине жазылган жеке арызы;

— кадрларды каттоо баракчасы;

— 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

— резюме;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

— жогорку билимин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн);

— өмүр баян (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) ;

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн).

Документтерди кабыл алуу жарыя ММК жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндө төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Ноокен району, Масы айылы, Турдумбетов көчөсү 37, 3-кабат, 41-бөлмө.

Кошумча маалымат алуу үчүн тел: (03734)5-00-05, 5-00-69, факс: 5-00-20

Эскертүү:-белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалым

аттарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.