Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы  мамлекеттик жарандык кызматынын улук жана кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт

 

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар

Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Юриспруденция”, “Гуманитардык илимдер», “Педагогикалык билим берүү”, “Социалдык илимдер”, “Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар”).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;

— Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;

— Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

Экономика тармагы боюнча: 

-Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы.

Социалдык тармак боюнча:

—  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүдө” мыйзамы ;

— Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамы.

Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим (“Экономика жана башкаруу”, “Архитектура жана курулуш”, “Транспорттук техника жана технология”, “Энергетика жана электротехника”,  “Социалдык илимдер”, “Гуманитардык илимдер”, “Педагогикалык билим берүү”, “Саламаттыкты сактоо”, “Маданият жана искусство” — мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багыты боюнча).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

 

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Экономика тармагы боюнча:

— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы;

— “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Электр энергетикасы жөнүндө” мыйзамы.

Социалдык тармак боюнча:

— Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүдө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Туризм жөнүндө” мыйзамы.

 

Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн
• Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
• Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, infodocs жана башкалар).

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

— сынактык комиссиянын төрагасынын дарегине жазылган жеке арызы;

— кадрларды каттоо баракчасы;

— 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

— резюме;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

— жогорку билимин тастыктаган дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн);

— өмүр баян (соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) ;

-эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн).

Документтерди кабыл алуу жарыя ММК жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндө төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Ноокен району, Масы айылы, Турдумбетов көчөсү 37, 3-кабат, 41-бөлмө.

Кошумча маалымат алуу үчүн тел: (03734)5-00-05, 5-00-69, факс: 5-00-20

Эскертүү:-белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалым

аттарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.