Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”

Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик кызмат

орундарына  кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

 

Квалификациялык талаптар:

  • Улук кызмат орундары үчүн:

Бөлүмдүн башкы адиси (У-Б)- 2 шт.бирдик

Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Жогорку билим (бакалавр, магистр)- педагогикалык, гуманитардык багыттар боюнча

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын жалпы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес

 

  • Кенже кызмат орундары үчүн:

Бөлүмдүн жетектөөчү адиси (К-А)- 1 шт.бирдик

Бөлүмдүн адиси (К-Б)- 1 шт.бирдик

Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Жогорку билим (бакалавр, магистр)- педагогикалык, гуманитардык багыттар боюнча

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • Иш стажысына талап коюлбайт.

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

1.Улук кызмат орундары үчүн:

— төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын; ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламентөөчү мыйзамдарды
  • Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүү;

Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “КРнын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • КРнын Өкмөтүнүн 03.03.2020-жылдагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө” Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” Мамлекеттик билим берүү стандарты;
  • Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты;
  1. Кенже кызмат орундары үчүн:

— төмөнкүлөрдү билүү

  • Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын; ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламентөөчү мыйзамдарды
  • Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилди билүү;

Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Коснтитуциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
  • КРнын Өкмөтүнүн 03.03.2020-жылдагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө” Мыйзамы
  • Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;

 

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:

  • Жеке арызы;
  • Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепченин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү
  • Паспорттун көчүрмөсү

 

Документтерди кабыл алуу 12-апрелден  24-апрелге чейин кабыл алынат. Иш убактысы  саат 08:30дан 18:00гө чейин

Дареги:          Жалал-Абад облусу,  Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Т.Жээналиев көчөсү №31/1, Тел.: (03738) 50033, моб.: 0709777815