Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясыМамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөКыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-февралындагы ПЖ №24 Жарлыгына ылайык административдик мамлекеттик башкы, улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

  1. Башкы кызмат орундары үчүн:

— Гуманитардык илимдер, Социалдык илимдер, Педагогикалык билим берүү, Саламаттыкты сактоо, Экономика жана башкаруу, Айыл чарбасы, Энергетика, Транспорттук техника жана технология, Архитектура жана курулуш, же юридикалык багыты боюнча жогорку билим;

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы, же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

2) Улук кызмат орундары үчүн:

—Экономика жана башкаруу, Айыл чарбасы, Энергетика, Транспорттук техника жана технология, Архитектура жана курулуш багыты боюнча жогорку билим.

— гуманитардык, социалдык илимдер, педагогикалык, саламаттыкты сактоо же юридикалык багыты боюнча жогорку билим.

 

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес
жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кенже кызмат орундары үчүн:

– Гуманитардык илимдер, Социалдык илимдер, Педагогикалык билим берүү, Саламаттыкты сактоо, Экономика жана башкаруу, Архитектура жана курулуш, же юридикалык багыты боюнча жогорку билим;

— иш стажысына талап коюлбайт.

 

КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ:

  1. Башкы кызмат орундары үчүн:

Жалпы Мыйзамдар:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер
кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы, Кыргыз
Республикасынын Эмгек Кодекси, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби
жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кызыкчыктардын кагылышуусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

 

 

Предметтик багыты боюнча:

— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы,  «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдары; «Электрондук кайрылуулар интернет-порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө” Жобо

 

Социалдык багыты боюнча:

— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы, «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө», «Ичүүчү суу жөнүндө», «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө” мыйзамдары.

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди жана расмий тилдерин билүү

 

  1. Улук кызмат орундары үчүн:

Жалпы мыйзамдар:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы;
— “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;

— “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;

— “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

 

Предметтик багыты боюнча:

Экономика багыты боюнча:

— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын «Расмий
статистика» мыйзамы.

 

Курулуш багыты боюнча

— «Электр энергиясы жөнүндө», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө», «Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары.

 

Айыл чарбасы багыты боюнча:

— Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар
жөнүндө», «Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу» Мыйзамдары.
Иш кагаздары жүргүзүү жана уюштуруу багыты боюнча:

— Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары жөнүндө”, «Эмгекти коргоо жөнүндө» Мыйзамдары

Кенже кызмат орундары үчүн:

Жалпы мыйзамдар:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

Социалдык багыты боюнча:

— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө», «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө», «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамдары;

 

Билим берүү багыты боюнча:

— Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө»,
«Маданият жөнүндө» мыйзамдары.

 

Саламаттык сактоо багыты боюнча:

— Кыргыз Республикасынын  «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө» Мйзамдары

 

Иш кагаздарды жүргүзүү жана уюштуруу багыты:

— Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»
мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы.

 

Коргонуу, тартип сактоо багыты боюнча:

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамдары

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (атайын папкада
тиркелген):
– өзүнүн арызы;

— өздүк баракча;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар
же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча
билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө
документтердин көчүрмөлөрү;

— сүрөт 3х4 (2 даана);

– паспорттун көчүрмөсү.

 

Документтер жарыя массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.

Иш убактысы саат 8.30дөн 17.30гө чейин.

Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга
чакырылат.
Дареги: Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Тоголок Молдо көч. 63