Токтогул райондук билим берүү бөлүмү улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү  максатында ачык конкурс жарыялайт.

 

Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн административдик кызмат орунунун улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар :

 

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу,педагогикалык, социалдык илимдер, физика- математикалык илимдер жана фундаментикалык информатика,табигый илимдер боюнча жогорку билими;

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципиалдык кызмат стажы  же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Төмөнкүлөрдү билүү:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  4. ”Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  6. «Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3- мартындагы № 120 токтому;

 

Улук тобунун административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

 

Кесиптик компетенттүүлүгү

  1. “Билим берүү жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  2. ”Мугалимдин статусу жөнүндө” кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  3. “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы”
  4. ”Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  5. ”Жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын коомдук тамактануусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

 

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/ же расмий тилдерди билүүсү;

Билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалдаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдө ата- мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана жумуш убакТыСЫН туура бөлүштүрүү;

 

 

 

 

 

 

 

Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн административдик кызмат орунунун кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы
  3. ”Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3- мартындагы               № 120 токтому;

 

Кенже тобунун административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

 

Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу,педагогикалык, социалдык илимдер,физика- математикалык илимдер жана фундаментикалык информатика,табигый илимдер боюнча жогорку билими;

Иш стажы жана тажрыйбасы:

Иш стажына талап коюлбайт;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

  1. “Билим берүү жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  2. ”Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
  3. “Мектепке чейинки билим берүҮ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы”
  4. ”Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам;

 

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/ же расмий тилдерди билүүсү;

Билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди,маалыматтарды, суроо- талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелҮҮ чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдоно билүү;
  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин,натыйжалуу пландаштыруу;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана же/ расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
  • командада иштөӨ;

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш :

  1. жеке арызы;
  2. өздҮк баракча, 2 сурот(3х4);
  3. резюме( электрондук даректи көрсөтүү менен)
  4. дипломдун көчүрмөсү( нотариустан күбөлөндүрүлгөн);
  5. эмгек китепчесинин көчүрмөсү( нотариустан күбөлөндүрүлгөн);
  6. илимий даражасы жөнүндө( бар болсо) документтердин көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);
  7. паспорттун көчүрмөсү;
  8. соттолбогондугу жөнүндө ИИМ маалымат.

 

Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду:

Токтогул райондук билим берүү бөлүмү.

Токтогул району, Токтогул шаары,А. Суеркулов  көчөсу №3

Кабыл алуу мөөнөтү: Документтерди конкурс жарыялангандан баштап 10 (он) күн жумуш күнү ичинде кабыл алынат.

Байланыш телефону: 0500966654,   0771966654