Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” ПЖ № 24 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кадрдык резервге сынак жарыялайт.

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына:

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— Мамлекеттик жана /же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан               1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

Кесиптик билим деңгээли:

Жогорку билими: гуманитардык, социалдык, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгый жана техникалык илимдер.

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына:

Иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажына талаптар коюлбайт.

Кесиптик билим деңгээли: жогорку билим.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

– жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

– паспорттун көчүрмөсүн;

– керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына:

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • Иш стажы талап кылынбайт.

Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп,  2024-жылдын 29-январынан баштап 9-февралына   чейин,  он  календарлык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:  Токтогул шаары, Чеңкил көчөсү №49.     Сурап билүү  тел. (03747) 6-01-24  0707-350276