Башкы топтогу административдик  муниципалдык кызмат орундарынын квалификациялык талаптары

1) Кесиптик билимдин денгээли: -Жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы жана экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигий илимдер, техникалык, курулуш, энергетика тармактары ж.б.).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы: — 3 жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетентүүлүгү:

Төмөндөгү КРнын жалпы мыйзамдарын  билүү:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы

-“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы,

-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси,

-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы,

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык  жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

-“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамы,

-“Конфликтерди кароо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында  турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы

-Коррупцияга каршы күрөшүү” боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

-Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасындагы  иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама .

 

 

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарынын квалификациялык талаптары

1) Кесиптик билимдин денгээли :

-Жогорку билим- (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы жана экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигий илимдер, техникалык курулуш, энергетика, архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, геодезия жана жерге жайгаштыруу,  техникалык тармактарында).

2) Иш стажысы жана тажрыйбасы: — 1 жылдан кем эмес мамлекеттик же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетентүүлүгү:

Төмөндөгү КРнын жалпы мыйзамдарын  билүү:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы

-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамдары

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык  жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы ;

-Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамы

-Коррупцияга каршы күрөшүү” боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

-Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасындагы  иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарынын квалификациялык талаптары

 

            1) Кесиптик билимдин денгээли :

-Жогорку билим же орто кесиптик билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу), Юриспруденция, Финансы экономикалык, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык,табигий илимдер, техникалык курулуш, энергетика, архитектура жана курулуш адистиктери боюнча, геодезия жана жерге жайгаштыруу, техникалык тармактарында.

 

2) Иш стажысы жана тажрыйбасы:

-иш стажысына талап коюлбайт .

3) Кесиптик компетентүүлүгү:

Төмөндөгү КРнын жалпы мыйзамдарын  билүү:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык  жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

 

Бардык талапкерлер төмөнкүлөрдү билүү зарыл:

  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;
    • компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программаларды колдонууну;

 

Компьютердик  жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүүсү бардык сынакка катышуучулардан талап кылынат.

 

Сынакка катышуу үчүн зарыл болгон документтер:

  • жеке арызы;
  • кадрларды эсепке алуу баракчасы жана папка;
  • сүрөт 3х4 өлчөмүндө 1 даана;
  • резюме (электрондук почтасы жана мобилдик телефон номери көрсөтүлүүсү керек);
  • паспортунун көчүрмөсү;
  • зарыл кесиптик билиминин, иш стажын жана квалификациясын  ырастоочу документтеринин көчүрмөсү (нотариалдык түрдө же иштеген  жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан  тастыкталган);
  • өмүр баяны;
  • аскердик билети (эркектер үчүн);

 

Документтер  2023-жылдын 23-ноябрынан 05-декабрына чейин 10 жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Жаңы-Жол айылы, Бекмырза-ата көчөсү №1,      Тел: 0 700 21 38 05.