Түштүк Кореядагы магистрдик программаларга кабыл алуунун экинчи айлампасы жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы Офиси (KOICA) менен биргелешип, мамлекеттик/муниципалдык кызматчыларды жана мамлекеттик сектордун кызматчыларын «KOICA Стипендиялык программа 2020» программанын чегинде магистрдик программаларына кабыл алууну жарыялайт.

Стипендиялык программанын максаты Кыргыз Республикасынын адам ресурстарын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү болуп эсептелинет.

Окутуу төмөнкү тармактар боюнча жүргүзүлөт: экономика, билим берүү, курчап турган чөйрө, илим жана технология.

Программанын негизги талаптары – жогорку билимге ээ болуу, англис тилин билүү, мамлекеттик/муниципалдык кызматта/мамлекеттик сектордо эки жылдан кем эмес иш стажына ээ болуу, 40 жылдан ашык эмес курак (абзел).

Документтерди 2020-жылдын 2 апрелине чейин: Бишкек ш., Чүй пр., 122, 304-кабинетке алып келүүнүздөрдү суранабыз. 304.

Кеңири маалымат жана заявкалардын формалары МККнын сайтында жайгаштырылган: www.mkk.gov.kg (Бөлүм «Мамлекеттик кадр кызматы > Ишмердик > Кызматкерлерди окутуу > Чет өлкөдө окутуунун узак мөөнөттүк программалары»).

Консультация алуу үчүн төмөнкү номерлерге чалыңыздар:

1) (0312) 620431- Сеитова Чолпон, Кеңешбекова Бегимай Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы;
2) (0312) 979402- Анара Эшенкулова, KOICAнын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү.