Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу ветеринардык
кызматтын Чоң-Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын ички резерв кадырына
конкурс жарыялап берүүңүздү суранабыз.
Чоң-Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын мамлекеттик
жарандык кызматынын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар
резервине
(1 бош орун).
Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
3. 2020-жылдын 3-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №120 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү
нускама.
Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий
тилдерди билүү;
— Компьютер жана мобилдик шаймандар менен, компьютердик жана социалдык
тармактарда иштей билүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык
системаларын колдоно билүү;
Ветеринария багыты боюнча административдик кызмат орундарынын кенже
топтору үчүн квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
— ветеринария багыты боюнча «Айыл чарба» тармагындагы жогорку кесиптик билим.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
— иш стажына талап кылынбайт
3. Кесиптик компетенциялар:
Билим:
1. Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө»Мыйзамы;
2. «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
3. «Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынуучу азыктарды идентификациялоо
жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому: «ишкердик субъекттерине
текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» 2018-жылдын 29-январындагы № 56
токтому.
Билгичтик:
— өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
— ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы
ыкмаларды колдонуу.
Көндүмдөр:
— ишкердик жазуу көндүмдөрү;
— белгилүү бир чөйрөдөгү ишти талдоо жана болжолдоо, пайда болгон көйгөйлөрдү
чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
— ишкер байланыш ыкмаларын билүү жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүү;
— компьютерди, ошондой эле керектүү программалык камсыздоону башкаруу, колдонуу
көндүмдөрү
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
— жеке арыз;
— сүрөт менен кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолбогондугу тууралу
маалыматтарды көрсөтүү менен);
— акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин
тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш
стажы бар болсо);
— Дипломдун кочурмосу ( мамлекеттик нотариус аркылуу куболонтурулгон );
— паспорттун көчүрмөсү;
— ден-соолук жөнүндө справка;
Конкурска катышуучулардын документтери жарыя берилген күндөн баштап он күн
ичинде Чоң-Алай райондук ветеринардык башкармалыгынын имаратында кабыл алынат.
723700. Кыргыз Республикасы. Ош областы Чоң-Алай району Дароот-Коргон а.,
Сулайманов к. 48
Тел-факс: (03237) 2-20-45
e-mail: chon-alai.ruvfb@mail.ru
Конкурска катышуу боюнча чыгымдарды (конкурс өтүүчү жерге баруу жана кайра келүү,
байланыш каражаттарынын бардык түрлөрүн пайдалануу) жарандар өз каражаттарынын
эсебинен жүргүзөт. Кабыл алынган талапкерлер конкурска чакырылат.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген
жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.
Толук маалымат веб-сайттарда жайгаштырылган:
— www/ mkk .gov.kg.
— www/gvfi.gov.kg.