Чоң-Алай  райондук  эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция  башкармалыгы  ички кадрлар  резервине киргизүү  үчүн   административдик мамлекеттик   кызмат орундарына

ачык   сынак  жарыялайт.

 

Административдик  улук (У-А)  топтогу

Жөлөк  пулдар, үй бүлөнү  жана  балдарды  коргоо  бөлүмүнүн  башчысы

Кесиптик  билим  деңгээли:

  • жогорку билим:  гуманитардык,  социалдык, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый жана  техникалык  илимдер.

Эмгек  стажы  жана  тажрыйбасы:

  • мамлекеттик жана/же  муниципалдык  кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан  кем эмес же тиешелүү  кесиптик  чөйрөдөгү  иш  стажы         3 жылдан кем эмес.

    Кесиптик  компетенттүүлүгү:  

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын  жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча  иш чөйрөнү регламентөөчү мыйзамдары:

  1. Кыргыз Республикасынын  Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын  кайрылууларын  кароо  тартиби  жөнүндө”  Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик  жарандык  кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”  Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик  укуктук актылары жөнүндө”  Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга  каршы  аракеттенүү жөнүндө”  Мыйзамы;
  6. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы     № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү  нускама;
  7. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө  кодекси;
  8. Кыргыз Республикасынын  Үй бүлө кодекси;
  9. Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз  Республикасындагы Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө”  Мыйзамы;
  10. Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга  көмөктөшүү жөнүндө”  Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын  укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы
  12. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы.

кызматтык  милдеттерди  аткаруу  үчүн  зарыл  болгон   көлөмдө

мамлекеттик  жана/же расмий тилдерди;

  • Билгичтиги:

маалыматты  жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык  документтерди  даярдоо;

тиешелүү  чөйрөдөгү ата мекендик  жана чет өлкөлүк тажрыйбаны

талдоо  жана практикада  колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү  сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүү;

эмгектин  жаңы  шарттарына  адаптациялашуу;

 

  • Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды  тажрыйбада  колдонуу;

ишти  пландоо  жана  жумуш  убактысын  туура  бөлүштүрүү;

башкаруучулук  чечимдерди  ыкчам  ишке  ашыруу;

компьютерди  жана уюштуруу  техникасын,  зарыл болгон  программалык продуктуларды  колдоно  билүү.