Чүй облусунун Сокулук районунун З.Кайназарова атындагы айыл ѳкмѳтүнүн башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрдык резервге киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт. Административдик муниципалдык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар: Кыргыз Республикасынын жараны; • 18 жаштан жаштан жогору; • соттуулугу жок. Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы (У-А), 1 бирдик 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – экономика жана менеджмент, финансы, салыктар, бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча жогорку кесиптик билим. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Профессионалдык компетенциясы – билүүсү талап: 1) Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”; 2) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ №25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобо. Социалдык маселелер боюнча башкы адис (У-Б), 1-бирдик 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча, укук тануу адистиктери боюнча, социалдык илимдер гуманитардык илимдер, педогогикалык билим берүү, табият таануу илимдери багыттары боюнча жогорку кесиптик билим; 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Профессионалдык компетенциясы – билүүсү талап: 1) “Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамы; 2) Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди; Жер маселелери боюнча башкы адис (У-Б), 1-бирдик 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, топурак таануу, картография, агрономия, агрохимия жана топурак таануу, айыл чарба, зоотехника, юриспруденция багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик билим. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талаптар коюлбайт. 3. Профессионалдык компетенциясы – билүүсү талап: 1) “Кыргыз Республикасынын Жер кодекси”; 2) Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобо”; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди; – жөндөмдөр: -маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу; -кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; -коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; жаңы эмгек шарттарына көнүү – көндүмдөр: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; -башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу; -компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу; Конкурска катышууга ниеттенген талапкерлер арызын электрондук форматта мамлекеттик е-Kyzmat порталындагы жеке кабинет аркылуу тапшыра алышат: https://kyzmat.gov.kg/ru. Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген документтер) тиркелет: Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек: – Өздүк арыз, – Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), – Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат көрсөтүү менен), – Жогорку же кесиптик билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү нотариалдык жактан күбөлөндүргөн же акыркы иштеген жеринен, эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер иш стажы бар болсо), нотариалдык жактан же акыркы иштеген жери боюнча, илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо, нотариус тарабынан же персоналды башкаруу кызматы тарабынан иштеген жери), паспорттун көчүрмөлөрү (оригиналды сынакка келген маалда көрсөтүлөт). Сынакка катышуу үчүн талапкерлер кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде (2026-жылдын 17-февралынан 3-мартка чейин) тапшырышы керек тел: 03134 70835, кошумча тел: +996 702 183 848 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл өкмөтү ачык сынак жарыялайт