Электрондук башкаруу бөлүмү

Белгилүү болгондой, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында алардын ишмердүүлүгүндө заманбап технологияларды колдонуу жана өркүндөтүү бүгүнкү кундүн талабы болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Электрондук башкаруу бөлүмү өз ишмердигинде эки автоматташтырылган маалыматтык системаны координациялоо жана өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө: «e-Kyzmat» жана «Санарип аймак».

  • «e-Kyzmat» жана «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системаларын ишке киргизүү жана башкаруу;
  • «e-Kyzmat» жана «Санарип аймак» АМС тарабынан жөнгө салынган бизнес-процесстерди талдоо жана баалоо;
  • мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерин «e-Kyzmat» жана «Санарип аймак» АМС менен иштөөгө окутуу;
  • мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында персоналды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
  • мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгынын принциптерин камсыз кылуу;
  • милдеттерди натыйжалуу чечүүнү жана функцияларды аткарууну камсыз кылуу үчүн башка маалымат системалары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу.

Бөлүмдүн байланыш телефондору: +996 996 33-88-18 (WhatsApp),      +996 33-88-18 (WhatsApp), ekyzmat@mail.ru

ФААКызмат ордуТелефон
Садирова Барчынай ЗайнидиновнаБөлүм башчы66-01-62
Азаматов Болот Азаматович Башкы адис62-19-43
Асеков Бакыт Асекович Башкы адис66-01-98
Мурзашев Нурлан КанатовичАдис62-02-86
 Оператор62-02-86
Туратбеков Чынгыз КанатбековичИнженер66-02-16