2024-2025 ЖЖ. «Жаш Лидерлер» программасы БАШТАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-2025 жылдарга «ЖАШ ЛИДЕРЛЕР» (Young Leaders’ Program) стипендиялык программасы боюнча кандидаттарды кабыл алуу башталганын жарыялайт.

Программа Азиянын жана башка мамлекеттердин жашоосунда актидүү катышууну каалаган жаш, перспективдүү адистерге багытталат.

Аталган программа Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн ЯПОНИЯНЫН университеттеринде МАГИСТР даражасын алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Квалификациялык талаптар:

(1)«School of Government» программасы үчүн:
— Жарандыгы: Кыргыз Республикасы
— Жашы: 2024-жылдын 1-октябрына карата 40тан ашпаган (1984-жылдын 2-октябрынан кийин туулгандар).
— Англис тили: TOEFL-iBT 79дан көп, IELTS (Academic) 6.0 дөн көп (Окуу англис тилинде жүргүзүлөт).
— Окуу убактысы: 1 жыл (магистратуранын жылдык курсу)
— Иш тажрыйбасы: мамлекеттик органда 3 жылдан кем эмес, 2024-жылдын 1-октябрына мүмкүн болсо 5 жылдан ашык.
— Билими: Жогорку (адистиги же бакалавр боюнча диплом)

(2)«Healthcare Adminiatration» программасы үчүн:
— Жарандыгы: Кыргыз Республикасы
— Жашы: 2024-жылдын 1-октябрына карата 40тан ашпаган (1984 жылдын 2-октябрынан кийин туулгандар)
— Англис тили: TOEFL-iBT 80ден көп, IELTS (Academic) 6.0 дөн көп (диссертация талкуулоого жана даярдоого англис тили керек)
— Окуу убактысы: 1 жыл (магистратуранын жылдык курсу) 2024-жылдын октябр аянан 2025-жылдын сентябырына чейин.
— Иш тажрыйбасы: мамлекеттик жана муниципалдык медициналык мекемелерде, 2024-жылдын 1-октябрына карата 5 жылдан кем эмес.
— Билими: жогорку (медицина багытында адистиги же бакалаврдын диплому).

Кандидаттардын баардык документтери (Арыздын формасы, медициналык форма, сунуш каты, эссе ж.б.) англис тилинде толтуруу керек.
Документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 15-сентябрында саат 18.00 чейин Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ агенттигинин дарегине (Чүй пр 122)  тапшырууну билдирет.

Чоо-жайын билүү үчүн төмөндөгүлөрдү караңыз жана арызды толтуруңуз жана бардык керектүү документтерди даярдаңыз;

(Бардык программалар үчүн)
Outline of YLP
Recommendation Form (for all)

(«School of Government» программа үчүн)
Application
Application guidelines
Certificate of health
Essay Questions

(«Healthcare Administration» программа үчүн)
Application
Application guidelines
Certificate of health

Байланыш номерлер:    +996 995 09 00 96 Айдана
+996 312 62-02-42 Назира