КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (мындан ары-Агенттик) 2021- жылы аткарылган иштери жана максаттары тууралуу бир жылдык кеңешмеси өттү. Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы – Эргешов Алтынбек Калдарович жана тармактык бөлүм башчылары, өкүлдөрү катышты. Кеңешмени Агенттиктин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадыевич алып барууда. Аткарылган иштер жана пландар тууралуу баяндамачылар: 1). Исаматов Данияр Маратович, Агенттиктин директорунун орун басары. 2). Алыкулов Рамис Муратбекович, Агенттиктин директорунун орун басары. 3). Закиров Таалайбек Мамаевич, Агенттиктин Ош, Жалал- Абад, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча бөлүмүнүн жетекчиси. Ошондой эле, аймактардагы өкүлчүлүктөр онлайн форматта кеңешмеге катышты. Жазуулар боюнча багыттоо Айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына муниципалдык резервине конкурс жарыяланат :ергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртуу боюнча бир катар маселелер көтөрүлдү