Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана аларды иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2021-жылдын 9-декабрындагы “Райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн муниципалдык кадрлар резервине конкурс өткөрүү жөнүндө” № 21 буйругуна жана 2022-жылдын 17-февралындагы “Райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн муниципалдык кадрлар резервине конкурс өткөрүү жөнүндө” № 30 буйругуна ылайык, Агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгына 124 талапкер арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 14-15-16-март күндөрү компьютердик тестирлөө өткөрүлдү. Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жалпы маалымат Ош шаары жана Ош облусу боюнча: – райондук маанидеги шаардын мэрлери кызмат ордуна чакырылгандар 39, катышкандар 22, келбегендер 17, катышкандар 56,4%ды түзөт, 60%дык босогодон өткөндөр 11. – райондук маанидеги шаардын мэрлеринин орун басарлары кызмат ордуна чакырылгандар 65, катышкандар 45, келбегендер 20, катышкандар 69,2%ды түзөт, 60%дык босогодон өткөндөр 19. – айыл өкмөт башчы кызмат ордуна чакырылгандар 20, катышкандар 14, келбегендер 6, катышкандар 70,0%ды түзөт, 60%дык босогодон өткөндөр 8. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпы маалымат Ош шаары жана Ош облусу боюнча: – райондук маанидеги шаардын мэри кызмат ордуна Муниципалдык кадрлар резервине сунушталган 19; – райондук маанидеги шаардын мэрлеринин орун басарлары кызмат ордуна Муниципалдык кадрлар резервине сунушталган 19; – айыл өкмөт башчы кызмат ордуна Муниципалдык кадрлар резервине сунушталгандар 7. Жазуулар боюнча багыттоо Шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобо Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтү кадрлар резервине конкурс жарыялайт