Агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Т.К. Шадыбекова жана А.С. Сулайманова тарабынан Чүй облусундагы Сокулук районунда мамлекеттик, муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актылары боюнча окутуу-семинар өткөрүлдү. Иш чарага, Чүй облусунун Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорундагы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилери, жооптуу катчылары, жана персоналды башкаруу бөлүмүнүн кызматчылары болуп жалпысынан 52 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар катышты. Ушундай эле өнөктүк Чүй облусунун Токмок шаардык мэриясынын жыйындар залында Чүй облусунун Токмок шаарындагы, Аламүдүн, Чүй, Кемин, Ысык-Ата райондорундагы кадр маселеси боюнча жооптуу кызматчыларга уюштурулду. Окутуу-семинарга, Zoom платформасы аркылуу да катышууга мүмкүнчүлүк берилип, жалпысынан 44 кызматчы катышты. Окутуу-семинарлар катышуучуларды кызыктырган суроо-жооп, талкуулар менен жыйынтыкталды. Жазуулар боюнча багыттоо Агенттиктин “Биздин шаар” долбоору Балыкчы шаарында Агенттиктин кызматкерлери Жалал-Абад облусунда административдик- аймактык реформалардын алкагында окутуу-семинар өткөрдү Кудайберген Базарбаевдин буйругунун негизинде Агенттиктин кызматкерлеринен турган атайын жумушчу топтор республиканын аймактарын кыдырып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын алкагында окутуу-семинарларды өткөрүшүүдѳ. Жалал-Абад облусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппарат жетекчилерине, шаар мэрлерине, айыл ѳкмѳт башчыларына, жергиликтүү кеңештердин төрагаларына усулдук жардам кѳрсѳтүлдү. Белгиленген иш-чараларда пилоттук режимде ирилешкен айыл ѳкмѳттѳрүнүн, шаарларга кошулган айыл аймактары же айрым айылдар, участоктор жана контурларды бириктирүүнүн механизмдери, мүлктүк мамилелер, штаттарды оптималдаштыруу, муниципалдык ишканалардын түзүлүшү, бириккен жергиликтүү кеңештердин иштѳѳ тартиби сыяктуу маселелер талкууланууда.