Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик административдик кызмат орунунун кенже, улук топторуна кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт.
Баардык мамлекеттик административдик кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө”, “Экстремисттик иштерге каршы аракеттенүү жөнүндө”;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары: 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 “Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө”, 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 412 “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө”;
адам ресурстарын башкаруу жаатында;
Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүзөгө ашыруучу конфессиялар жөнүндө;
дүйнөлүк диндердин негиздери;
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү, чет тилдерди (билгени абзел).
Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
Тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулган ченемдик укуктук актылардын тизмеси (жалпы мыйзамдарды билүү үчүн):
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку кесиптик билими (багыты боюнча: дин таануу, теология, филология (араб тили), чыгыш таануу).
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин ишке ашыруучу конфессиялар жөнүндө;
Бир нече чет тилдер артыкчылык болуп саналат (арабча, түркчө, англисче).
— билгичтиги:
диний уюмдардын өкүлдөрү жана жарандар менен иштөө;
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө:
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
Тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулган ченемдик укуктук актылардын тизмеси (жалпы мыйзамдарды билүү үчүн):
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
— багыты боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык илим, экономика жана башкаруу (мамлекеттик жана муниципалдык башкарууга артыкчылык берилет).
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
— “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 22 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы № 25 “Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтото туруу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому.
бир нече чет тилдер артыкчылык болуп саналат (англис тили);
Кыргыз Республикасынын аймагында өз иш-аракетин жүзөгө ашыруучу конфессиялар жөнүндө;
— дүйнөлүк диндердин негиздери.
— билгичтиги:
дин чөйрөсүндө жана диний кырдаалдарда проблемаларга талдоо жүргүзүү, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү;
талдоонун түрлөрү, алардын классификациясы жана мүнөздөрү жөнүндө маалыматтарга ээ болуу жана аны практикада колдонуу;
диний кырдаалдарга изилдөө жүргүзүү, салыштырма талдоо түзүү;
кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
аналитикалык документтерди даярдоо;
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
ишти пландаштыруу жана кызматтык убактысын туура бөлүштүрүү;
кызыкчылыктардын талаш-тартыштарынан келип чыккан проблемалуу кырдаалдарды өз убагында табуу жана аларды чечүү.
— көндүмдөрү:
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдына чыгып сүйлөө;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Юриспруденция багыты боюнча:
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
— жогорку кесиптик билими (багыты боюнча: юриспруденция).
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
3. кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси;
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси;
“Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы
№ 5389- V “Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтому;
— дүйнөлүк диндердин негиздери.
— билгичтиги:
мыйзам долбоорунун документтерин иштеп чыгуу;
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
— көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
— соттук процесстерге катышуу.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага салып тапшыруу керек:
— жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Документтердин түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлушү керек.
Сынакка катышуу үчүн документтерди 2024-жылдын 14-майынан 3-июнуна чейин саат 9:00 дон 18:00 го чейин Бишкек ш. Ч.Айтматов проспекти, 1 ст 2, 2-кабат, 204 каб. дареги боюнча тапшыруусу керек. Сурап-билүү телефону: 0312 90-03-76.
Эскертүү:
-белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.