Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1)Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодексин бекитүү жөнүндө” ПЖ № 171 Жарлыгы. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” № 120 токтому. Билгичтиги: -иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; -түзүмдүк бөлүмдөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; -алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; -өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; -чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; Көндүмдөрү: -аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; -ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; -натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу; -компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар: 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: -Кыргыз Республикасынын Конституциясы; -Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; -Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; -“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; -“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары; Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: -“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”; -“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”; -“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” -“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамдары. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” № 120 токтому. – Билгичтиги: -жогорку турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; -иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; -көйгөйлөрдү талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу; -кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү; -чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; Көндүмдөрү: -аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; -түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо; -ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; -натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу; -компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1) Кесиптик билимдин деңгээли: -жогорку билим – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” жөнүндө Мыйзамдары. –Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” № 120 токтому. Билгичтиги: -жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; -документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; -кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; -жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; -мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада менен иштөө; Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек: – жеке арыз; – өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – сүрөтү менен резюме ( телефон номери жана электрондук почтасын көрсөтүү менен); – негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин нотариус тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; – нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү (бар болсо); – паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт); -талапкердин жеке маалымттарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №759 токтому менен белгиленген форма боюнча). Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат. Арыз берүүнүн мөөнөтү 2024-жылдын 1-июлунан баштап 10-июлуна чейин. Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Базар-Коргон шары, Б.Осмонов көчөсү 170. (Персонал менен иштөө бөлүмү) иш күндөрү саат 08:30 дан 17:30га чейин дүйшөмбүдөн жумага чейин тапшыра алышат, сурап билүү тел: 03736 5-01-40, 5-00-10. ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацияларминистрлигине караштуу Жерде жүрүү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы Сузак райондук мамлекеттик администрациясы