Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) мамлекеттик кызматтын башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрдык резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.

Башкы жана улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын жана документтердин тизмеси:

Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.»Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4.»Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.»Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.»Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.»Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8.»Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9.»Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.«Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3.«Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.«Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн (негизги тест):
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аймактык (Талас) өкүлчүлүгүндө иштөө багытында административдик кызмат орундарынын башкы тобуна квалификациялык талаптар:
1.Кесиптик билим деңгээли:
–төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: юриспруденция.
2.Иш стажы жана иш стажы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенциялар:
3.1.Билим:
–Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
–Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси;
–Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси;
–Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси;
–Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө”; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»; «Кылмыш жасады деген шек менен жана айыптоо менен кармалган адамдарды кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө».
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
3.2.Билгичтиги:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
–түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
–башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
–кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
–алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
–өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
–ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
–чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
-Кыргыз Республикаснын мыйзамдарынын укуктук базасы маалыматтык сиситемасын колдоно билүү.
3.3.Көндүмдөр:
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
–жылдык жана атайын отчеттор үчүн материалдарды даярдоо;
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
–түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
–башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
–кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
–алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
–өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
–ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
–чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
-Кыргыз Республикаснын мыйзамдарынын укуктук базасы маалыматтык сиситемасын колдоно билүү,
–аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жылдык жана атайын баяндамаларына материалдарды даярдоо;
-жарандардын арыздарын кароо;
-тиешелүү көңүл буруу актыларын даярдоо;
–түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
–маалыматтык талдоо, системамалаштыруу жана жалпылоо;
–ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
–натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөө, ишкердик кат алышуунун ыкмаларын колдоно билүү;
-жетекчиликтин тапшырмаларын аткаруу.

Финансы багыты боюнча административдик кызмат орундарынын башкы тобуна квалификациялык талаптар:
1.Кесиптик билим деңгээли:
–төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: экономика жана башкаруу; финансы; бухгалтердик эсеп; аудит, маркетолог.
2.Стаж жана иш тажырыйбасы:
–мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 3 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1.Билүү:
–Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
–Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
–Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө»; «Бухгалтердик эсеп жөнүндө»; «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»;
–Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137 буйругу менен бекитилген мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык очтеттуулукту жүргүзүү боюнча Жобо;
–бухгалтердик программа 1C.
3.2.Билүүсү:
–иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг, көзөмөл жүргүзүү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө карата ыктарды интегрирлөө;
–башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
–кызыкчылыктардын карама-каршылыгына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү;
–коюлган милдеттерди чечүү үчүн новатордук ыктарды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издеп табуу;
–өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
–ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
–чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
–компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо;
–кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
–КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
3.3.Көндүмдөрү:
–бөлүмдүн жүргүзгөн иштери жөнүндө мезгилдүү отчетторду түзүү, алардын бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан өз убагында түзүлүүсүн көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
–баш ийүү тартибинде, алардын кызмат орундук ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген жогору турган жетекчилердин тескемелерин жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
–Акыйкатчынын жылдык баяндамаларын даярдоого катышуу;
–бөлүмдүн ишин пландоо, Аппараттын иш планына кошуу үчүн жетекчиликке сунуштарды киргизүү;
–бөлүмдүн ишин өркүндөтүү тууралуу жетекчиликке сунуштарды жана сунуштамаларды киргизүү;
–бөлүмдөн чыккан документтерге жана тиешелүү буйруктардын долбоорлоруна кол коюу;
–чарбалык-финансылык иштин бухгалтердик эсебин жана материалдык, эмгектик жана финансылык ресурстардын үнөмдүү пайдаланышын, Аппараттын менчигинин сакталышын көзөмөлдөөнү уюштуруу;
–бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарга ылайык, Аппараттын түзүмүнө жана ишинин өзгөчөлүгүнө, анын финансылык туруктуулугун камсыз кылуунун зарылдыгына жараша эсепке алуу саясатын түзүү;
–ички бухгалтердик отчеттуулук документтеринин формаларын иштеп чыгуу;
–бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту сарамжалдуу уюштурууну камсыз кылуу;
–мүлктү, милдеттенмелерди жана чарбалык операцияларды, келип түшкөн негизги каражаттарды, товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын эсепке алууну, алардын кыймылына байланыштуу операциялардын, өндүрүш жана жүгүртүм коромжуларынын эсепке алынышын, чыгымдары сметаларынын аткарылышын, продукциялардын, жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) сатылып өткөрүлүшүн, чарбалык-финансылык иштин натыйжаларынын, ошондой эле финансылык, эсептик жана кредиттик операциялардын бухгалтердик эсеп эсептеринде өз убагында чагылдырылышын уюштуруу;
–документтердин, эмгек акы боюнча эсептердин мыйзамдуулугун, өз убагындалыгын жана жол-жоболонушунун тууралыгын, салыктардын жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн туура чегерилишин жана которулушун камсыз кылуу;
–эмгек акы фондунун чыгымдалышын, Аппараттын кызматкерлеринин кызмат маяналарынын белгиленишин, негизги каражаттардын, товардык-материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын инвентаризациясын өткөрүүнү, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун уюштурулушун, ошондой эле ишкананын бөлүмдөрүндө документалдык текшерүүлөрдү өткөрүү менен, алгачкы жана бухгалтердик документтердин, эсептердин жана төлөм милдеттенмелеринин сакталышын, ошондой эле Аппараттын бөлүмдөрүндөгү документалдык текшерүүлөрдү көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
–ички чарбалык резервдерди табуу, жоготууларды жана чыгымдарды четтетүү максатында, бухгалтердик эсептин жана отчеттун маалыматтары боюнча Аппараттын ишинин финансылык-чарбалык иштеринин экономикалык талдоосун жүргүзүүгө катышуу;
–жетпей калууларды, акча каражаттарын жана товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз чыгымдоону болтурбоо боюнча чараларды көрүү;
–жетпей калуулар, акча каражаттарын жана товардык-материалдык баалуулуктарды уурдоолор боюнча материалдарды жол-жоболоштурууга катышуу;
–штаттык, финансылык жана кассалык тартипти, административдик-чарбалык жана башка чыгымдардын сметаларын, бухгалтердик эсептен жетпей калууларды, дебитордук карыздарды жана башка жоготууларды чыгарып салуунун мыйзамдуулугун, бухгалтердик документтердин сакталышын бекем сактоону камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү;
–киреше жана чыгашалар жөнүндө, бюджеттин каражаттарынын пайдаланылышы тууралуу теңдемди жана ыкчам жыйынды отчетторду, башка бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулукту түзүүнү, аларды белгиленген тартипте тиешелүү органдарга берүүнү камсыз кылуу;
–бөлүмгө жүктөлгөн башка милдеттерди каткаруу.
–бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча (Форма 2 жана форма 4) чыгымдар сметасынын аткарылышы тууралуу отчетту түзүү жана отчеттордун ар айдын 5ине чейин Казначейликке берүү;
–жарым жылдык, кварталдык жана жылдык теңдемди түзүү;
–тиркемелерди түзүү: Негизги фонддор, запастар, валюта жана депозит, башка дебитордук жана кредитордук карыздар, башка милдеттенмелер, таза активдер жана башка маалыматтар, эсептер;
–жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.

Финансы багыты боюнча административдик кызмат орундарынын улук тобуна квалификациялык талаптар:
1.Кесиптик билим деңгээли:
–төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: экономика жана башкаруу; финансы; бухгалтердик эсеп; аудит.
2.Стаж жана иш тажырыйбасы:
–мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 1 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1.Билүү:
–Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
–Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө»; «Бухгалтердик эсеп жөнүндө»;
–бухгалтердик программа 1C.
3.2.Билүүсү:
–маалыматтарды жыйноо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
–аналитикалык документтерди даярдоо;
–тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
–кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
–иштиктүү сүйлөшүүлөрдү алып баруу;
–кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
–КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
3.3.Көндүмдөрү:
–мезгилдүү отчетторду түзүү;
–баш ийүү тартибинде, алардын кызмат орундук ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген жогору турган жетекчилердин тескемелерин жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу. Мыйзамга карама-каршы келген буйрук, тескеме же көрсөтмө алган учурда, мамлекеттик кызматкер мыйзамдын жоболорун жетекчиликке алууга милдеттүү;
–бухгалтердик эсепке алуунун (жана аларга шайкеш салыктык жана башкаруучулук эсепке алуунун) эсептерин алып баруу;
–эсепти эсепке алуунун корпоративдик эсебинде алып баруу;
–товардык-материалдык баалуулуктардын (мындан ары – ТМБ) калдыктарын 1С ыкчам эсеп программасы менен салыштырып текшерүү;
–товардык чыпталардын корпоративдик эсепке алуу программасына жүктөлгөн товарга жана кызмат көрсөтүүлөргө текшерүү, аларды текшерүү жана кирген эсеп-фактураларды каттоо;
–берилген эсеп-фактураларды жол-жоболоштуруу;
–берүүчүлөрдөн эсеп-фактураларды текшерүү жана өткөрүү, аймактардын жана апараттын ичиндеги кампалардын ортосунда ТМБ орун которуштуруу;
–текшерүү жана товарларды эсептен чыгаруу;
–ТМБ, ОС менен байланышкан бардык элементтери менен 221,222, 223,311 эсеби боюнча бардык кызмат көрсөтүүлөрдү 1С ыкчам эсеп программасы менен эсепке алууну алып баруу;
–ар бир айдын 25ине чейин алдыңкы айдын 1С ыкчам эсеп программасы менен өткөрүлгөн бардык операцияларды бүткөрүү жана бөлүм башчысына отчетторду (кайтма-сальдо ведомостторун) берүү. Аткаруу мөөнөттөрүн сактоо жана дебитордук жана кредитордук карыздардын мөөнөттөрүнүн өтүүсүнө жол бербөө.
–инвентаризация боюнча документтердин комплектинин толук болуусун жана анын туура толтурулушун көзөмөлдөө;
–ар айлык негизде сатуулар китебин жана берилген счет-фактуралардын журналын түзүү;
–берүүчүлөр менен үзгүлтүксүз салыштырып текшерүүлөрдү жүргүзүү;
–милдеттенмелерди жана ТМБ, акча каражаттарын, продукцияларды сатып өткөрүүнү, кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууну эсепке алууну, алардын кыймылына байланыштуу бардык бухгалтердик эсептердеги операциялардын өз убагында чагылдырылышын уюмштуруу;
–негизги каражаттардын, ТМБ жана акча каражаттарынын инвентаризациясын өткөрүү, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун уюштурулушун, ошондой эле ишкананын бөлүмдөрүндө документалдык текшерүүлөрдү өткөрүү менен, алгачкы жана бухгалтердик документтердин, эсептердин жана төлөм милдеттенмелеринин сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
–бухгалтердин эсептин эсебинен четпей калууларды, дебитордук карыздарды жана башка жоготууларды эсептен чыгаруунун, бухгалтердик документтердин сакталуусунун, аларды белгиленген тартипте жол-жоболоштуруунун жана архивке өткөрүп берүүнүн мыйзамдуулугун бекем сактоону камсыз кылуу боюнча иштерди алып баруу;
–заманбап эсептегич техникалык каражаттарды колдонуунун негизинде сарамжалдуу пландык жана эсептик документтерди, бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн прогрессивдүү ормаларын жана усулдарын иштеп чыгууга жана киргизүүгө катышуу, аларды белгиленген тартипте тиешелүү органдарга берүү;
–Аппараттын кызматкерлерине бухгалтердик эсептөө, документтерди жол-жоболоштуруу жана көзөмөлдөө маселелери боюнча усулдук жардамдарды көрсөтүү;
–бухгалтердик эсепке алуу документтеринин сакталышын жана бухгалтердик эсепке алуу документтерин сактоону уюштурууну көзөмөлдөө;
–жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.

Финансы багыты боюнча административдик кызмат орундарынын кенже тобуна квалификациялык талаптар:
1.Кесиптик билим деңгээли:
–төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: экономика жана башкаруу; финансы; бухгалтердик эсеп; аудит.
2.Стаж жана иш тажырыйбасы:
–иш стажына карата талаптарды коюусуз.
3.Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
–Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Бухгалтердик эсеп жөнүндө»;«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»;
–бухгалтердик программа 1C.
3.2.Билүүсү:
–жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
–документтерди, маалыматтарды, жоопторду жана суроо-талаптарды сапаттуу даярдоо;
–тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
–кызмат орундук милдеттерге ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
–жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
–мамлекеттик жана\же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуулар;
–кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
–КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
3.3.Көндүмдөрү:
–тендерлерди, мам.сатып алууларды жүргүзүү;
–ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
–мамлекеттик сатып алуулар боюнча документтердин мыйзамдуулугун, өз убагында жана туура жол-жоболоштурулушун камсыз кылуу;
–ишти пландоо жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү;
–башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
–кызматтык жүрүм-турум ченемдерин сактоо;
–жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.

Укук коргоо ж.б.органдары тарабынан эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында адам укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багыты боюнча административдик кызмат орундарынын улук тобуна квалификациялык талаптар
1.Кесиптик билим деңгээли:
–төмөнкү багыт боюнча жогорку кесиптик билим: юриспруденция.
2.Стажы жана иш тажырыйбасы:
–мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 1 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1.Билүү:
–Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодекси;
–Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-аткаруу кодекси;
–Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»; «Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө»; «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө».
3.2.Билүүсү:
–маалыматты жыйноо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
–аналитикалык документтерди даярдоо;
–тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
–кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
–иштиктүү сүйлөшүүлөрдү алып баруу;
–кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
–дайындарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;
–КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
3.3.Көндүмдөрү:
–жарандарды кабыл алууну жүзөгө ашыруу, укуктук жардам көрсөтүү;
–жарандардын, чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдардын бузулган укуктары жөнүндө арыздарын жана даттанууларын өндүрүшкө кабыл алуу, кароо;
–органдардын жана мекемелердин, кылмыш-жаза-аткаруу тутумунун жана алдын ала кармоо жайларынын иштеринин мониторинги;
–Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуу фактылары жөнүндө маалымат даярдоо;
–көңүл буруу актыларын, басма сөз-релиздерин даярдоо;
–жабык мекемелерде турган жарандардын укуктарынын сакталышын талдоо, адамдын жана жарандын укуктарынын абалы жөнүндө Жогорку Кеңешке маалыматтык-аналитикалык материалдарды, атайын баяндамаларды даярдоо;
–адамдын жана жарандын укуктарын бузган кызмат адамдарына карата тартиптик жана администрптивдик өндүрүштү козгоо жөнүндө тиешелүү органдарга Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) сунуштамаларын даярдоо;
–эркиндигине ажыратуу жана чектөө жайларында кармалып турган адамдарга укуктук жардам корсөтүү;
–КР ЧУА Конституцияга жана укук колдонуу практикасына шайкештигин талдоо, өркүндөтүү боюнча ЧУА долбоорлору түрүндө сунуштамаларды берүү;
–адам укуктары боюнча ратификацияланган эл аралык келишимдердин, БУУ тутумунун органдарынын сунуштамаларынын алкактарында Кыргызстандын милдеттенмелерди аткаруусунун сереби, жана жыйынды аналитикалык документти даярдоо;
–арыз же адам укуктарынынын сакталышын өзүнчө\кайталап окуп үйрөнүүнү талап кылган айрым маселелер боюнча жалпы кырдаалды изилдөө боюнча жалпы мониторингдерди жүргүзүү;
–мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО ишин инспектрлөөнү жүргүзүү;
–Акыйкатчынын жылдык жана атайын баяндамаларына карата материалдарды даярдоого катышуу;
–денонсациялоо, колдонулуусун токтото туруу предметине эл аралык келишимдерди талдоо же аларды түзүү тууралуу сунуштарды берүү;
–ишти пландаштыруу жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү;
–башкаруучулук чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
–жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу;
–ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
–аналитикалык, стратегиялык документтерди даярдоо;

Маалымат каражаттары менен иштөө багыты боюнча административдик кызмат орундарынын улук тобуна квалификациялык талаптар:
1.Кесиптик билим деңгээли:
–төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: журналистика, филология.
2.Стаж жана иш тажырыйбасы:
–мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1.Билүү:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө жөнүндө»; «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө»; «Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө».
3.2.Билүүсү:
-маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу;
–аналитикалык документтерди даярдоо;
–тиешелүү тармакта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны практикада колдонуу;
–кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;
-ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
–антивирустук программаларды колдонуу;
-маалыматтык системаларды жана маалыматтарды шифрлөө аркылуу коргоо;
-эсептөөлөргө байланыштуу сандык маалыматтар менен иштөө;
–маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө көрсөтүү;
-тесттик, графикалык жана электрондук таблица редакторлору менен иштөө;
–кесиптик этиканын стандарттарын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
-Кыргыз Республикаснын мыйзамдарынын укуктук базасы маалыматтык сиситемасын колдоно билүү,
3.3.Көндүмдөрү:
–ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
–жылдык жана атайын отчеттор үчүн материалдарды даярдоо;
–жарандардын кайрылууларын кароо;
–пресс-релиздерди, Омбудсмендин билдирүүлөрүн даярдоо;
–Омбудсмендин сөзүнүн тексттерин редакциялоо;
–ведомстволук гезитке макалаларды даярдоо;
–Акыйкатчынын сайтын керектүү маалыматтар менен камсыз кылуу;
–республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында адам укуктары маселелерин чагылдыруу процессине мониторинг жүргүзүү (орус тилинде);
–стенограммаларды, видео жана аудио материалдарды транскрипциялоо;
–Омбудсмендин, анын орун басарларынын, Аппараттын жетекчисинин жана кызматкерлеринин пресс-конференцияларын уюштуруу;
–республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында адам укуктары маселелерин чагылдырууга мониторинг жүргүзүү;
-мамлекеттик жана расмий тилдеринде пресс-релиздерди даярдоо, редакциялоо, басып чыгаруу, жайылтуу жана которуу;
–Акыйкатчынын сайтын жана интернеттин социалдык тармактарындагы расмий баракчаларын керектүү фото, видео жана тексттик материалдар менен камсыз кылуу;
–окурмандардын электрондук комментарийлерине мониторинг жүргүзүү жана аларга жооп берүү;
-жарандардын электрондук кайрылууларын каттоо үчүн жарандардын кайрылуулары менен иштөө жана документтик камсыздоо бөлүмүнө өткөрүп берүү;
-жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.

Социалдык-экономикалык жана маданий укуктарды коргоо багыты боюнча административдик кызмат орундарынын кенже тобуна квалификациялык талаптар:
1.Кесиптик билим деңгээли:
–төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: юриспруденция; мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу; экономика; социалдык жумуш багыты боюнча социалдык илимдер.
2.Стажы жана иш тажырыйбасы:
–иш стажы талап кылынбайт.
3.Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1.Билүү:
–Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»; «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө»;
3.2.Билүүсү:
–жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
–документтерди, маалыматтарды, жоопторду жана суроо-талаптарды сапаттуу даярдоо;
–тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
–кызмат орундук милдеттерге ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
–жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
–мамлекеттик жана\же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуулар;
–кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
–КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
3.3.Көндүмдөрү:
–ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
–жылдык жана атайын баяндамаларына карата материалдарды даярдоо;
–жарандардын кайрылууларын кароо;
–жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.

IT багыты боюнча административдик кызмат орундарынын кенже тобуна квалификациялык талаптар:
1.Кесиптик билим деңгээли:
–маалыматтык технологиялар жаатында жогорку кесиптик билим.
2.Стаж жана иш тажырыйбасы:
– иш стажы талап кылынбайт.
3.Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1.Билүү:
–Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө»; «Электрондук башкаруу жөнүндө»;«Электрондук колтамга жөнүндө».
3.2.Билүүсү:
–жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
–документтерди, маалыматтарды, жоопторду жана суроо-талаптарды сапаттуу даярдоо;
–тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
–кызмат орундук милдеттерге ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
–жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
–мамлекеттик жана\же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуулар;
–командада иштөө;
–тарамдык технологияларды билүү, тарамдык жабдууларды күүлөө көндүмдөрүнө ээ болуу;
–серверлерди жана OC Windows базасында жумушчу станцияларды администрирлөө;
–ЛЭТ (локалдуу эсептегич тарамынын) иштөөсүн базалык түшүнүү;
–РС аппараттык архитектурасынын жана чет жакалык жабдууларды конфигурирлөөнү билүү жана билүүсү;
–антивирустук программаларды пайдалануу;
–маалыматтык тутумдарды жана дайындарды шифрлөөнүн жардамы менен коргоо;
–логин жана пароль коюу;
–бет ачарларды уюштуруу;
–эсептеп чыгарууга байланыштуу сандык дайындар менен иштөө;
–дайындарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;
–тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
–файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө менен (кайра атоо, көчүрмөлөө, жылыштыруу, алып салуу жана калыбына келтирүү);
–тышкы чет жака түзүлмөлөрүн кошуу;
–диск мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү);
–электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
–издөө тутумдарын пайдалануу.
–ар кыл браузерлер менен иштөө;
–кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
–дайындарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;
–КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
–веб-конференц-байланыш уюштуруу тиркемелерин пайдалануу;
–көрмө- материалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди пайдалануу;
–тексттерди оңдоо жана редакциялоо;
–кеңсе техникасы (көчүрмөлөө аппараттары, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс) менен иштөө).
3.3.Көндүмдөрү:
-OC Windows (ар түрдүү версияларын) орнотуу жана кармоо тажырыйбасы;
–сервердик программалык камсыз кылуу орнотуу жана кармоо тажырыйбасы;
–таралган программалык камсыз кылууну (MS Office, 1С жана башка программаларды) билүү;
–тарамдык протоколдордун иштөө принциптерин, компьютердик тарамдарды куруу принциптерин билүү;
–ПК аппараттык бөлүгүн жана бузулууларды аныктоо жана четтетүү мүмкүнчүлүгүн билүү;
–аралыктык пайдалануучулар менен иштөө тажырыйбасы.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аймактык өкүлчүлүгүндө иштөө багытында (Ысык-Көл, Талас, Баткен) административдик кызмат орундарынын кенже тобуна квалификациялык талаптар:
1.Кесиптик билим деңгээли:
–төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: юриспруденция; мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, тарых.
2.Стаж жана иш тажырыйбасы:
–иш стажына карата талаптарды коюусуз.
3.Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1.Билүү:
–Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
–Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»; «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө»;
3.2.Билүүсү:
–жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
–документтерди, маалыматтарды, жоопторду жана суроо-талаптарды сапаттуу даярдоо;
–тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
–кызмат орундук милдеттерге ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
–жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
–мамлекеттик жана\же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуулар;
–командада иштөө;
–кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
–КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
3.3.Көндүмдөрү:
–ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
–ар жылдык жана атайын баяндамаларга карата материалдарды даярдоо;
–жарандардын кайрылууларын кароо;
–жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
— өзүнүн арызы;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, сүрөтү менен (4х6);
— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— резюме сүрөтү менен форма боюнча;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).
— акыркы иштеген жериңизден сунуш кат.
Документтерин толук тапшырбаган, ошондой эле талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынакка катыша албайт.
Сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 6-августунан тартып 16 — август күнү саат 17-00 чейин жүргүзүлөт. Дареги: Бишкек ш., Тыныстанова көч. 120, кабинет №207, тел.: 66-32-97.