Cүлүктү шаарынын мэриясы улук административдик муниципалдык кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине киргизүү боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ: Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар: Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн – жогорку билим; – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы эмгек стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Ченемдик-укуктук актылардын тизмеси: Негизги мыйзамдар: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” Тармактагы мыйзамдар: КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамы КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө” мыйзамы; КР “Саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамы; Жер кодекси; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы; “Мамлекеттик тил жөнүндө” Конституциялык мыйзам; Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси. Конкурска катышууну каалагандар төмөндөгү документтерди тапшыруулары зарыл: Жеке арыз; Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен); Дипломдун көчүрмөсү мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган; Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан тастыкталган; Паспорттун көчүрмөсү; Документтерди 2024-жылдын 16-сентябрына чейин Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана кадрлар секторуна тапшырсаныздар болот. Дареги И.Раззаков көч 1, 2-кабат, телефон: 5-00-03 Эскертүү: конкурска бардык квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Жазуулар боюнча багыттоо Баткен шаарынын мэриясы: Баткен шаарынын мэриясынын улук, кенже административдик муниципалдык кызмат орундарынын тобуна АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ Сүлүктү шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн 2024-жылдын 2-сентябрынан 13-сентябрына чейин ачык сынак жарыялайт: