Ваканттык орун: Үй-бүлөөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнө Бөлүм башчы (С-А) Кадрлар резервине: ҮКБК бөлүмүнө Башкы адис (Г-Б), Калкты иш менен камсыздандыруу секторуна Жетектөөчү адис (М-А) Кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар Жогорку билим; (социалогия, юриспруденция, журналистика ж.о) Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. Көндүмдөрү: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Конфликттерди чечүү, маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо Ɵз ишин жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү Жобо Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнунда № 391 Токтому менен бекитилген “Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоонун тартиби жөнүндө” жобо. Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартында № 125 Токтому менен бекитилген “Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу” жобо Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: – Жеке арызы, резюме, өмүр баян – Кадрларды эсепке алуу баракчасы – Өздүк таржымал (соттолбогондугу бар же жок экендиги ж-ө маалыматты көрсөтүү менен) – 3*4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт – Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт) – Билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек) – Эгерде эмгек китепчеси болсо анын көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек – кошумча билиминин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтер, окумуштуулук наамы болсо көчүрмөсү Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт Талапкерлерден документтер 2025-жылдын 17-январдан 27-январдын саат 12-00 чейин Чолпон-Ата ш. Совет көч. № 75А кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү тел. кайрылыныздар (03943) 4-20-81 (факс), (03943) 4-30-30, 0708638040. Жазуулар боюнча багыттоо Чолпон-Ата шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгы административдик муниципалдык бош ваканттык кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт: Балыкчы шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук жана кенже топторуна кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт