Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын административдик кызмат орундарынын резервине ачык конкурс жарыялайт.
Кадрдык резервге кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1)Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
2)21 жаштан кем эмес болуу;
3)кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүү.
Административдик мамлекеттик кызматтардын улук тобу үчүн квалификациялык талаптар:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)«Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4)«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5)«Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама».
Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.
Көндүмдөр:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
— башкаруу чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
— байланыш жабдуулары менен иштөө жана аны пайдалануу эрежелери.
— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү Microsoft Office (Word, Excel, PowerPoint), «TOKTOM Mamleket Pro» маалыматтык-укуктук системасын билүү.
— Укуктук камсыздоо чөйрөсүндө.
1.Кесиптик билимдин деңгээли
— «Юриспруденция» адистиги боюнча жогорку кесиптик билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси;
Кыргыз Республикасынын «Электр байланышы жөнүндө» Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2017-жылдын
17-ноябрында №754 менен «Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2019-жылдын
31-декабрында №746 токтому менен бекитилген «Электр байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан
2021-жылдын 28-октябрында №233 менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө»;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2017-жылдын 31-майында № 313 менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мыйзамдан тышкаркы жоболорду иштеп чыгуу боюнча нускама».
Сынакка катышуу үчүн папкага төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
— өзүнүн арызы;
— резюме (сүрөтү, телефон номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— өздүк таржымал (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча
— нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариус же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы же инсандыгын тастыктаган документ сынакка документтерди тапшырууда, ошондой эле тестирлөө этабында көрсөтүлөт);
— Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Сынакка катышуучу катышуучулар кошумча сунуш каттарды жана сертификаттарды тапшыра алышат.
Конкурска катышуу үчүн документтер көктөлүп жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Бишкек ш., И.Ахунбаев көч., 119, 106-кабинет, тел.: 54 30 55.
Документтер 2024-жылдын 13-мартынан тартып 24-мартына чейин (24-март — кабыл алуунун акыркы күнү) иш күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алынат.
Эскетүү!
Документтердин толук пакетин тапшырбаган же талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынакка катышпайт.
Сынактын өтүүчү жери жана убактысы жана ага кабыл алынган адамдар кошумча кабарланат.
Кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын https://nas.gov.kg расмий сайтында.