Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын төмөнкү топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт: – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарынын башкы тобун ээлөөгө; Кесиптик билимдин деңгээли: жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер. Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес. – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарынын улук тобун ээлөөгө; Кесиптик билимдин деңгээли: жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер. Иш стажы жана тажрыйбасы: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. – мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын бош административдик кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө. кесиптик билимдин деңгээли: жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер. иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажына талаптарды койбостон; Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат: – өзүнүн арызы; – Резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен, 3х4 сүрөт), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамы (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспорттун көчүрмөсү; Документ тапшыруу үчүн төмөнкү дареке кайрылыныздар Жалал-Абад областы Базар-Коргон шаары К.Култаев көчөсү №2. Базар-Коргонрайондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тел.(03736)5-00-40, моб 0220-29-74-05 Эл.адрес: bazarkorgon.rusr@mail.ru Документтер 2025-жылдын 24-апрелден баштап 16-май айына чейин кабыл алынат Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жалал-Абад облустук статистика башкармалыгы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы