Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын кадрлар резервине улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө үчүн ачык конкурстук тандоо жарыялайт (аудиторлор)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын кадрлар резервине (мындан ары – КР ФМ караштуу ИАК) административдик мамлекеттик бош кызмат орундарынын кенже топторун ээлөө үчүн конкурс өткөрүлөт.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
2) кеминде 21 жашта болушу керек;
3) кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү керек.
Мамлекеттик жарандык кызматтын башкы административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси (бөлүм башчысы):
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4)Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
5)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзам;
6)Кыргыз Республикасынын “Нормативдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзам;
7)Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзам;
8)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдардын маалыматтарына жетүү жөнүндө” Мыйзам;
9)Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзам;
10)2020-жылдын 3-мартындагы №120 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасы.
Мамлекеттик жарандык кызматтын улук административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
4)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
5)Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
6)2020-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө (жалпы мыйзамдарды билүүдө) колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси (аудиторлор):
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) 2020-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар (административдик башкаруу бөлүмүнүн башчысынын кызмат орду үчүн):
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
— жогорку юридикалык билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы үч жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө беш жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесиптик компетенциясы:
Билими (предметтик мыйзамдарды билүүсүнө тесттик тапшырмаларды түзүүдө пайдаланылуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси):
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Ички аудит жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттары, “Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө”, “Ички аудит кызматы жөнүндө” жоболору, Кыргыз Ресупубликасында иш жүргүзүү боюнча типтүү нускама, Кызматтын Регламенти;
— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл көлөмдө мамлекеттик (В-2 төмөн эмес) жана расмий тилдер, башка билимдер.
Жөндөмдөр:
-бөлүмдүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана Кызматтын стратегиялык пландарын иштеп чыгуу;
-өзүнүн ишин жана бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана анын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
-Жумуш процесстерин баяндоо, талдоо жана жакшыртуу боюнча ишти уюштуруу;
-Маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-Аналитикалык документтерди даярдоо;
-Тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны иш жүзүндө колдонуу;
-Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-Кызматтык документтерди мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо;
-Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-Жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
-Мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышууну жүргүзүү;
-командада иштөө.
Көндүмдөр:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды күнүмдүк ишинде колдонуу;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү;
-бөлүмдүн ишин пландаштыруу жана карамагындагылардын ортосунда көрсөтмөлөрдү жана тапшырмаларды рационалдуу бөлүштүрүү;
-кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында сүйлөө;
-башкаруучу чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн квалификациялык талаптар:
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
-жогорку экономикалык билим же башка (экономикалык эмес) билим;
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-экономикалык адистиги боюнча мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенциясы:
Билими (предметтик мыйзамдарды билүүсүнө тесттик тапшырмаларды түзүүдө пайдаланылуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси):
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Ички аудит жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
— 2013-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 498 токтому менен бекитилген “Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө” Жобо;
— 2013-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 721 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттары”;
— 2013-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 722 токтому менен бекитилген “Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө” Жобо;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-сентябрындагы № 112-П «Кыргыз Республикасында ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө» буйругу;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-П «Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө» буйругу;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2008-жылдын 17-мартындагы №54-П буйругу менен бекитилген “Ички аудит боюнча колдонмо”;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 28-декабрындагы №212-П буйругу менен бекатилген “Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик программасын түзүү боюнча колдонмо”.
Жөндөмдөр:
-Бөлүмдүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана Кызматтын стратегиялык пландарын иштеп чыгуу;
-өзүнүн ишин жана Бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-башкаруучу чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана анын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
-ички аудитти жүргүзүүнү пландаштыруу жана уюштуруу;
-ички жана тышкы аудиттин натыйжалары боюнча маалыматтарды талдоону жүргүзүү;
-ички аудит объектисинин финасылык-чарбалык ишмердүүлүгү, жумуш процесси жана ички контрол тутуму жөнүндө маалыматты топтоо, талдоо, баалоо жана документтештирүү;
-жумуш процесстерин баяндоо, талдоо жана жакшыртуу боюнча ишти уюштуруу;
-ички аудиттин жыйынтыктары боюнча отчетторду калыптоо;
-ички аудит объектисинин кызматкерлерине ички аудиттин функцияларын түшүндүрүү;
-маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
-аналитикалык документтерди даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбага талдоо жүргүзүү жана аны иш жүзүндө колдонуу;
-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
-кызматтык документтерди мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышууну жүргүзүү;
-командада иштөө.
Кндүмдөр:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды күнүмдүк ишинде колдонуу;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этикеттин ыкмаларын өздөштүрүү;
-кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында сүйлөө;
-башкаруучу чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруучу техниканы, зарыл программалык продуктыларды колдонуп иштөө.
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн квалификациялык талаптар (аудиторлор):
1.Кесиптик билиминин деңгээли:
-жогорку экономикалык билим же башка (экономикалык эмес) билим;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине коюлган талаптарга жооп берген ички аудитордун квалификациялык сертификаты.
-Жазма буйруктардын жана сунуштамалардын аткарылышын контролдоо жана талдоо бөлүмүнүн кенже адиси үчүн ички аудитордун сертификаты талап кылынбайт.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-экономикалык адистиги боюнча мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенциясы:
Билими (предметтик мыйзамдарды билүүсүнө тесттик тапшырмаларды түзүүдө пайдаланылуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси):
— Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Ички аудит жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы;
— 2013-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 498 токтому менен бекитилген “Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө” Жобо;
— 2013-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 721 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттары”;
— 2013-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 722 токтому менен бекитилген “Бюджеттик мекемелерде финансылык башкаруу жана контролдоо жөнүндө” Жобо;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-сентябрындагы № 112-П «Кыргыз Республикасында ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө» буйругу;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-П «Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө» буйругу;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2008-жылдын 17-мартындагы №54-П буйругу менен бекитилген “Ички аудит боюнча колдонмо”;
— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 28-декабрындагы №212-П буйругу менен бекатилген “Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик программасын түзүү боюнча колдонмо”.
Жөндөмдөр:
-Кызматтын стратегиялык пландарын иштеп чыгуу;
-ички аудитти жүргүзүүнү пландаштыруу жана уюштуруу;
-ички аудиттин объектисинин ишмердүүлүгүндө тобокелдиктерди башкаруу процесстерин баалоо жана өркүндөтүү;
-ички аудит объектисинде ички контроль тутумунун эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун баалоо;
-ички аудит объектисинин финасылык-чарбалык ишмердүүлүгү, жумуш процесси жана ички контрол тутуму жөнүндө маалыматты топтоо, талдоо, баалоо жана документтештирүү;
-жумуш процесстерин баяндоо, талдоо жана жакшыртуу боюнча ишти уюштуруу;
-ички аудиттин жыйынтыктары боюнча отчетторду калыптоо;
-ички аудит объектисинин кызматкерлерине ички аудиттин функцияларын түшүндүрүү;
-кызматтык документтерди мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо;
-жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматты, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
-өзүнүн ишмердүүлүгүн натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде кат алышууну жүргүзүү;
-командада иштөө.
Көндүмдөр:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды күнүмдүк ишинде колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруучу техниканы, зарыл программалык продуктыларды колдонуп иштөө.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүдөй иретте скоросшивателге (Дело №_____) көктөлгөн төмөнкү документтер берилет:
— КР ФМ караштуу Ички аудит кызматынын төрагасынын атына мамлекеттик кызмат орундарынын тобун көрсөтүү менен жеке арыз;
— сүрөтү бар резюме (электрондук почтаны жана соттолгондугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— ички аудитордун квалификациялык сертификатынын көчүрмөсү (сертификаттын түп нускасы менен кошо көрсөтүлөт – аудиторлор үчүн);
— соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат.
Ачык конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.
Документтер 2024-жылдын 15-майынан 26-майына чейин саат 10-00 дөн 17-00 гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Киев көч., 96 «б», Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы, каб. 320, Тел. 62-01-83, тыныгуу 12-30 сааттан 13-30 саатка чейин.