Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарынын улук тобуна конкурс жарыялайт:
1. Министрликтин кадрлар резервине киргизүү үчүн мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна конкурс жарыялайт:
Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: экономика жана башкаруу илимдери боюнча экономика, финансы жана бухгалтердик эсеп жана аудит.
Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы жана экономикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы.
– Ички аудитордун квалификациялык сертификаты болушу зарыл.
Кесиптик компетенттүүлүгү:
Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому.
Предметтик мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
– Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Ички аудит жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, Мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
Билгичтиги:
– аналитикалык документтерди түзүү ыкмалары, презентациялык көндүмү, аналитикалык жөндөмү.
Көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу.
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү.
Документтерди 2025-жылдын 23-июнуна чейин Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспектиси 101/1, каб.612 (Кадр башкармалыгынын персоналдар менен иштөө бөлүмүнө), тел.:323385
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Вакансии по центральным государственным органам (по г.Бишкек)