Нарын регионалдык башкармалыгынын улук мамлекеттик жарандык кызмат ордуларына.

Коюлуучу квалификациялык талаптар :

— Билим дегээли — экология жана айлана-чөйрөнү башкаруу, геология, инженер-эколог, токой чарбасы жаатындагы жогорку билим.

Иш тажрыйбасы— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3  жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Билүсү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

3) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) Жаратылыш коргоо мыйзамдары, техникалык регламент жѳнүндѳ.

7) Бузуулар жѳнүндѳ кодекс.

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

— Компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды билүү.

— СЭД программасы менен иштөө

 

  1. Нарын регионалдык башкармалыгынын кенже мамлекеттик жарандык административдик кызмат ордуларына

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

— Экология жана айлана-чөйрөнү башкаруу, геология, инженер-эколог, агроэколог, токой чарбасы жаатындагы жогорку билим.

Иш тажрыйбасы:

— Иш стажына талап коюлбайт

 

  1. Билүсү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

3) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) Бузуулар жѳнүндѳ кодекс

— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

— Компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды билүү

— СЭД программасы менен иштөө

 

  1. Нарын регионалдык башкармалыгынын улук мамлекеттик жарандык кызмат ордуларына. (бухгалтерия багыты боюнча)

Коюлуучу квалификациялык талаптар :

— Билим дегээли — Экономика, менеджмент, финансы жана кредит, салык жана салык салуу, бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы жогорку билим.

Иш тажрыйбасы:

— Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3  жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Билүсү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын  “Эмгек кодекси”

3) Кыргыз Республикасынын  “ Салык жөнүндө кодекси”

4) Кыргыз Республикасынын  “Бюджеттик кодекси”

5) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кодекси

7) Кыргыз Республикасынын “Бийик тоолордо жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашаган жана иштеген Өкмөтүнүн 25.06.1997жыл №377 Токтому жана КР Президентинин01.08.2022ж №266 Указ, №433, №434 Токтомдор.

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

— Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

— Компьютердик сабаттуулукту жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды билүү.

— СЭД программасы менен иштөө

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

 — Сынактык комиссиянын төрагасынын  атына жазылган жеке арызы;

— Кадрларды каттоо баракчасы;

— Резюме;

— Өмүр баян;

— 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

— Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

— Жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

— Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

— Маалымдама соттулгу жок (справка о судимости) деген;

 

Талапкерлер документтер  массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде  Нарын облусунун, Нарын шаарындагы  Ленина кѳчѳсү 58/10 дареги  боюнча Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын бухгалтердик эсеп, кадр жана иш кагаздарын камсыз кылуу секторуна документтер эртен мененки саат 09:00 дѳн кечки 17:30 га чейин кабыл алынат. Талапка жооп берилбеген жарандардын документтери кабыл алынбайт жана каралбайт. Ал эми сынак өтүүчү күн талапкерге кошумча билдирилет. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн эртен мененки саат 09:00дөн 12:00гө чейин түшкү тыныгуу 12:00 дөн 13:00 гө чейин түштөн киийн 13:00 дөн 17:30 га чейин төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар.

Телефон:  0(3522) 5-44-70