Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы  “Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципиалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык жана мунципиалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” №24 Жарлыгынын негизинде Кадамжай шаардык мэриясы  башкы, улук жана кенже кызмат орундарына ички кадрлар резервине  кирүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР;

  1. Башкы кызмат орундары үчүн;

1)  Г-Б  Башкы кызмат оруну-1штат бирдик;

— Жогорку билим;

-Иш стажы жана тажырыйбасы;

-Мамлекеттик жана же муниципиалдык кызматтагы жыйынды иш стажы 3 жылдан кем эмес жана же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

  1. Улук кызмат орундары үчүн;

1) С-А    Бөлүм башчы-1 штат бирдик;

2)  С-А   Сектор башчы-1 штат бирдик;

2) С-Б    Башкы адис-4 штат бирдик;

Тиешелүү багыттагы жогорку билим;

-Мамлекеттик жана же муниципиалдык кызматтагы жыйынды иш стажы 1 жылдан кем эмес жана же тиешелүү кесиптитк чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кенже кызмат орундары үчүн;

  • Жетектоочу адис-4 штат бирдик;
  • адис -2 штат бирдик;

Тиешелүү багыттагы жогорку билим же  тиешелүү багыттагы орто        кесиптик билим;

Иш стажына талап коюлбайт;

 КЕСИПТИК КОМПОНЕНТТҮҮЛҮГҮ

     1) Башкы кызмат орундар үчүн мыйзамдар:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
4.«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.«Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8.«Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9.«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
11.«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
предметтик мыйзамдар:

2) Улук кызмат орундары үчүн мыйзамдар;

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3.«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.«Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому;
7.«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

3Кенже кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар;

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-“Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

—       билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө:

көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн документтер:

-Өзүнүн арызы;

-Резюме (Электрондук почтасын, байланыш номерин көрсөтүү менен);

-Райондук ички иштер бөлүмүнөн, соттолгон эмес деген маалым кат(требование)

— Нотариустан тастыкталган дипломдун көчүрмөсү

-Паспорттун көчүрмөсү;

-Аскердик билетинин кочүрмөсү;

-Эмгек китепчесинин нотариустан тастыкталган көчүрмөсү;

-Сүрөт көчүрмөсү 3х4;

-Жашаган жеринен жана үй-бүлөсү тууралуу тактама;

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер топтому, Кадамжай шаардык мэриясынын имаратында кабыл алынат.

Тел: 0770 518628