Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципиалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык жана мунципиалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” №24 Жарлыгынын негизинде Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы  (ММД) Муниципалдык менчик департаментине  улук, башкы  жана кенже кызмат орундарына ички кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР;

1.Улук кызмат орундары үчүн;

1) Башкы адис-2 штат бирдик;

Тиешелүү багыттагы жогорку билим;

-Мамлекеттик жана же муниципиалдык кызматтагы жыйынды иш стажы 1 жылдан кем эмес жана же тиешелүү кесиптитк чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

2.) Кенже кызмат орундары үчүн;

  • Жетектөөчү адис-3 штат бирдик ;

Тиешелүү багыттагы жогорку билим же  тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим;

Иш стажына талап коюлбайт;

-КЕСИПТИК КОМПОНЕНТТҮҮЛҮГҮ

1) Улук кызмат орундары үчүн мыйзамдар;

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3.«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.«Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому;
7.«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

2) Кенже кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар;

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-“Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди;

-билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана /же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө:

көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн документтер:

-Өзүнүн арызы;

-Резюме (Электрондук почтасын, байланыш номерин көрсөтүү менен);

-Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен)

-Нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтин (диплом көчүрмөсү);

-Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтин көчүрмөлөрү;

-Паспорттун көчүрмөсү;

-Эркек жарандар үчүн  аскердик билеттин көчүрмөсү(аскердик билети жоктор аскердик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же аскердик комиссариаттан тактама);

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер Кадамжай шаары, А.Орозбеков №200 Кадамжай шаардык мэриясынын имаратында жана төмөнкү электрондук дарек боюнча кабыл алынат:DMS.mmd2014.@mail.ru

Тел:0773679923