Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кадрдык резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурстук тандоону өткөрүү жөнүндө Жарыя

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 02-февралындагы № 24 ПЖ “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын кадрдык резервине кабыл алуу үчүн улук топтогу кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак жарыялайт.
Конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:
– сынактын катышуучуларынын документтеринин мамлекеттик кызматчыларга коюлган талаптарга ылайык келүүсүн кароо;
– мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү;
– аңгемелешүү.

Кызматтардын улук тобун ээлөөгө кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
– Жогорку билим.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
3. Кесиптик компетенциялар:
– жалпы мыйзамдарды билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;
5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү.
– билгичтиги:
• маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
• аналитикалык документтерди даярдоо;
• тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
• кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
• иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
• эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;
– көндүмдөрү:
• ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
• ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
• башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
• компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Иш менен камсыз кылуу бөлүмү (Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов райондору боюнча), маалыматтык технологиялар жана ЭРМС Call-борбору, кесиптик окутуу, кесиптик багыт берүү, топтоо-аналитикалык бөлүмдөрүнүн улук топтогу кызмат орундары

1) Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер.
– предметтик мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” Мыйзамы.

Адамдык ресурстарды башкаруу жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн улук топтогу кызмат орундары
1) кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер
– предметтик мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
2) Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы.

Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн улук топтогу кызмат орундары

1) кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим: экономика жана башкаруу.
– предметтик мыйзамдарды билүү:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
2) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
4) Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
5) Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
6) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы.

Сынакка катышууну каалаган конкурсанттар «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө же кагаз жүзүндө төмөнкү документтер берилет:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен);
– өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 08-октябрынан 24-октябрына чейин.

Көрсөтүлгөн документтер көктөмөгө көктөлүп Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгында Бишкек ш. Токтогул, 237 дарегинде, саат 9:00дөн 17:30гө чейин кабыл алынат. Түшкү тыныгуу 12:30дан 13:30га чейин.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыз:
(0312) 64-16-85, 65-58-68