Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрликтин кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялансын: I.Жарандык административдик кызмат орундарынын улук тобуна (Талас ш.): 1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6)“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. 7)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку кесиптик билим, төмөндөгү багыттар боюнча: гидромелиорация, гидротехникалык курулуш жана курулуш 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы жалпысынан бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: – Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоону жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Суу жөнүндө” Мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана алрды баалоонун критерийлердин бекитүү жөнүндө” токтомунун; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндөгү жобосу” жана “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” кызматы жөнүндөгү жобосу”; – Гидротехникалык курулуштар. Негизги жоболор. ЭКН 33-01-12; Гидротехникалык курулуштар. Долбоорлорун негизги жоболору (ЭКН 3.04-01-2005, КНжЭ 2.06.01-86); Суу каптоодон инженердик коргоону КНжЭ 2.06.15-85; Гидротехника. Негизгиитүшүнүктөр. Терминдер жана аныктамалар ГОСТ 19185-73; Селден коргоочу курулмалардын эксплуатациялоо эрежелери. Негизги жоболоруу ЧД 33-3.2.05-88; Кыргызстандын тоолу дарыяларынын шартында жээк коргоочу тосмолорду долбоорло боюнча сунуштар. 3.2. Билгичтиги: – толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер); – объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү; – технологиянын негиздери жана курулуш иштерин түрлөрүн билүү; – Толук оңдоолуучу объекттерге керектөөчү каржаттын эсептеп чыгаруу; – техникалык эксплуатациянын эрежелерин коргоо жана калыбына келтирүү жумуштарынын түзүлүшүн, техникалык тейлөөнү; – аналитикалык иш – кагаздарды түзүү; – презентация жасоого жөндөмдүү 3.3.Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – геодезиялык инстурменттерде иштөө, тиешелүү жайларды сүрөткө түшүрүү – мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата; – мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата. II.Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл: 1)Сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызды “е-Kyzmat” https://kyzmat.gov.kg/мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта же төмөнкү документтерди көктөмөгө тиркеп, кагаз түрүндө тапшырса болот; 2)Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын, резюмени (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), сүрөтүн; 3)Паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документтинин көчүрмөсү; 4)Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү ). Документтерди 2025-жылдын 3-ноябрга чейин кечиктирбестен кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек. Ош шаары, Моминова көчөсү, 11; 1 этаж, 13 кабинет; моб.телефону: 0555112695 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы