1. Башкы кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1).Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча

2).Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
4.Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
5.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
7.Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;
8.Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы;
9.Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№ 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама».
11.Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө»

  1. Улук кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1).Кесиптик билимдин деңгээли: –жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча

2).Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;
4.Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылары жөнүндө» Мыйзамы;
5.Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;
6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы
№ 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча» типтүү нускама.
7.Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө»

  • Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

-компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү ( Word. Excel, санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы).

Талапкерлер төмөнкү документтерди алып келүүсү зарыл:

-өздүк арыз;

-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)

-кадрларды каттоо үчүн өздүк баракчасы;

-сүрөт 3х4 өлчөмүндө (2 даана) ;

-билими тууралуу диплом (көчүрмөсү, наториалдык жактан тастыкталган);

-эмгек китепчеси ( нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);

-жарандык паспорт (көчүрмөсү);

-өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү сынак өткөрүү жөнүндө жарыя чыккан күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.

Дареги: Баткен областы, Кадамжай району, Учкун айылы, Кыргызстан 60 жылдык көчөсү- 46.