Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын борбордук аппаратынын башкы жана улук тобунун административдик мамлекеттик кызмат орундарына конкурс жарыялайт. Бардык топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундар үчүн талаптар: 1) Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. 2) Санариптик иш-билгиликке талаптар: Компьютер жана мобилдик түзүлмө менен иштөө: – тексттик, графикалык жана жадыбалдык редакторлор менен иштөө (Excel, Word ж.б); – файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, ооштуруу, алып салуу жана калыбына келтирүү; – тышкы перифериялык түзүлмөнү кошуу; – диск мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү). Компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө: издөө, маалыматтарды алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта жана башкалар): – электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү; – издөө тармактарын колдоно билүү; – ар кандай браузерлер менен иштөө; – кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда сыпайы өз ара аракеттешүү. Өтө көп билдирүүлөр менен иштөө: жаңы билдирүү иштеп чыгуу жана түзүү: – билдирүүлөрдүн жана ар кандай маалыматтардын жогорку ылдамдыкта өзгөрүү шартында маалыматтык база менен иштөө; – кабыл алынган чечимдин натыйжалуулугун колдоо үчүн статистикалык маалыматтарды талдоону жана билдирүүнү иштеп чыгуу; – файлдын өлчөмүн кыстыруу менен маалыматтардын чоң көлөмүн кабыл алуу/жөнөтүү. Маалыматтарды жана билдирүүлөрдү берүү: – бет ачарларды уюштуруу; – эсептөө менен байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө. 1. Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат ордуна (мониторинг жана талдоо бөлүмүнө): 1) кесиптик билимдин деңгээли: – гуманитардык илимдер (юриспруденция багыты боюнча артыкчылыктуу), экономика жана башкаруу (менеджмент багыты боюнча артыкчылыктуу) жаатындагы жогорку билим; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзамдар: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8) “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: 1) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы; 2) “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. – кыргыз тилинин жазуу эрежелери. – Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдүн көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү; – алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. – Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; – мониторинг процессин уюштуруу жана жүргүзүү; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, – элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде кат алышуу; – компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү. 2. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат ордуна (мониторинг жана талдоо бөлүмүнө): 1) кесиптик билимдин деңгээли: – гуманитардык илимдер (юриспруденция багыты боюнча артыкчылыктуу), экономика жана башкаруу (экономика багыты боюнча артыкчылыктуу) жаатындагы жогорку билим; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес; 3) кесиптик компетенттүүлүгү – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзамдар: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: 1) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы; 2) “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. – кыргыз тилинин жазуу эрежелери. – Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; – Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; – мониторинг процессин уюштуруу жана жүргүзүү; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 3. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат ордуна (санарип жана инновациялар бөлүмү): 1) кесиптик билимдин деңгээли: – эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар жаатындагы жогорку билим; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес; 3) кесиптик компетенттүүлүгү – төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзамдар: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: 1) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы; 2) “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – кыргыз тилинин жазуу эрежелери. – Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; – Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – санариптик трансформациялоо багытында долбоорлор менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, тиешелүү программалык продуктуларды колдоно билүү; – санариптик долбоорлордун техникалык тапшырмаларын, техникаклык экономикалык негиздемелерди түзүү жөндөмү; – мыкты аналитикалык жана жазуу маданияты; – санариптик программаларды өнүктүрүү жана автоматташтыруу. Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу: – электрондук форматта өтүнмө берет; -Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт; -мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт. Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү көрсөтүлгөн документтер (сканерленген) тиркелет: -паспорттун көчүрмөсү; -кадрлык өздүк баракчасы -өмүр баяны, резюме (уюлдук телефонун, электрондук почтасын жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); -керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтер (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт); – аскердик билет. Документтерди тапшыруу 2025-жылдын 28-ноябрына чейин (кошкондо) жүргүзүлөт. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган талапкерлерге Конкурска катышууга жол берилбейт. Биздин дарегибиз: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, Бишкек шаары, Чуй пр., 265а, 405-кабинет, телефон: 0995112312 (9:00дан-17:00чейин). Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы