Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар; 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы 2.«Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы 3. КР «Эмгек Кодекси» 4. КР «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы 5. КР «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы 6. КР «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамы 7. КР «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы 8. КР «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы 9. КР «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы, КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3- мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама, КР «Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы. Улук кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар: Тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, геодезия жана жерге жайгаштыруу, автоматташтыруу жана башкаруу, жол жана техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштуруу жана гидромерология, архитектура жана курулуш, токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү, геология, экология, чалгындоо жана кендерди иштетүү багытындагы); Иш стажы жана тажрыйбасы: – Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды; КР «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамы, КР Жер кодекси, КР Суу кодекси, КР «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы, КР «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамы, КР “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Мыйзамы, КР Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө Мыйзамы, КР “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Мыйзамы; Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Санарип, СЭД, маалыматтык-укуктук системасы). Конкурска катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу: – электрондук форматта өтүнмө берет; – Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт; – мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген антикоррупциялык чектөөлөрдү кабыл алууну ырастайт. Өтүнмөгө төмөдөгү электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет. – Өзүнүн арызы; – Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); – Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтер – Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчеси – Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтер – Паспорттун Жөнөтүлгөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипке жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт. Документтер Конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 2025-жылдын 10-декабрына чейин кабыл алынат. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык улук кызмат орундарына ички кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт