Ош шаарынын мэриясы башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт

  1. Административдик кызмат орундарынын башкы тобу. 

Кесиптик билиминин деңгээли:

– жогорку билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

-жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– жалпы ченемдик укуктук актыларды: (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”, “Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик  тили  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын  кайрылууларын  кароо  тартиби  жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”,        “Кызыкчылыктардын         кагылышуусу     жөнүндө”, Маалымат алуу укугу жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамдары, Кыргыз    Республикасынын    Өкмөтүнүн    2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама);

-предметтик ченемдик укуктук актыларды: (Кыргыз Республикасынын  Укук бузуулар жөнүндө кодекси, Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдары, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Тынч чогулуштар жөнүндө”, “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси).

-“Кыргызтест” системасы боюнча кызматтык жана функцияларды милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө орто деңгээлден (В1) төмөн эмес сертификатка ээ болуу.

Билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
  • аналитикалык документтерди даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөр:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
  • башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
  • кызматтык милдеттерин милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) билүү.

 

  1. Административдик кызмат орундарынын улук тобу.

 

Кесиптик билиминин деңгээли:

– жогорку билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

– жалпы ченемдик укуктук актыларды: (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик  тили  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын  кайрылууларын  кароо  тартиби  жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамдары, Кыргыз    Республикасынын    Өкмөтүнүн    2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама).

– предметтик ченемдик укуктук актыларды: (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси, Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдары, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси).

-“Кыргызтест” системасы боюнча кызматтык жана функцияларды милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө орто деңгээлден (В1) төмөн эмес сертификатка ээ болуу.

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

Көндүмдөр:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

– кызматтык милдеттерин милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн (компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк) билүү.

Сынакка катышууга өтүнмө берген талапкерлер тарабынан милдеттүү түрдө тиркелүүсү талап кылынуучу документтердин тизмеси:

  1. Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы;
  2. Аскердик билети;
  3. Билими тууралуу (диплом) документ;
  4. Мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билгендигин тастыктаган сертификат;
  5. Эмгек китепчеси.

Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди 2026-жылдын 17-апрелине чейин “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети (kyzmat.gov.kg) аркылуу электрондук форматта өтүнмө берүүсү зарыл.

  • Эскертүү: ачык конкурска андан ары катышуу үчүн талапкерлердин документтери бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат.
  • Зарыл болгон учурда комиссия тарабынан кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

Дареги: Ош шаары, Алымбек-Датка көчөсү 221, кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: (03222) 5-50-79, 5-54-59.