Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-августундагы № 226 “Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин орун басарларынын кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн коңкурс жарыялайт

Документтер электрондук форматта 2026-жылдын 17-июнунан                     19-июнуна чейин иш күндөрү саат 9:00 дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.

Конкурс үч этапта өткөрүлөт:

  • Биринчи этап –квалификациялык талаптарга иш стажы, билими жана иш профили боюнча ылайык келүүсүн аныктоо үчүн талапкерлердин документтерин кароо.
  • Экинчи этап– компьютердик тестирлөө (тестирлөө үчүн ЧУА тизмеси).
  • Үчүнчү этап – конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен аңгемелешүү.

Республикалык маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна квалификациялык талаптар:

жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
 5 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар.

Облустук маанидеги шаардын мэринин орун басары кызмат ордуна

квалификациялык талаптар:

жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жыйындысында
3 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар.

Конкурска катышууну каалаган адамдар тийиштүү мамлекеттик порталдагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматтагы өтүнмөнү берет.

Конкурсант оферта келишиминде анын электрондук форматтагы жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун берет.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген) берилет:

– жогорку билиминин бар экендигин ырастаган документтер;

– эмгек китепчеси;

– окумуштуулук даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтер (болсо);

– туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

– мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү сертификаты;

– мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме форма боюнча.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин дареги:

Бишкек ш. Чүй пр. 122

Кошумча маалымат алуу үчүн: тел.:(0312) 62 04 12, 66 01 49