Ош облусунун Алай районун Жибек-Жолу айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө” Жобого ылайык башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»;
  4. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
  9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  10. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Маалымат алуу укугу жөнүндө»;
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн квалификациялык талаптар (Б-А жана Б-Б)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба жана айылчарба илимдери, Техникалык, Гуманитардык илимдер).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын «Ички жер которуу жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы «Мамлекеттик жарандык кызматтын муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» № 43 Жарлыгы;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик тилди билүү;
  • Мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашуруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санарип сабаттуулукка ээ болуусу.

 

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн квалификациялык талаптар (У-А жана У-Б)

1)      Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Юриспруденция, укук тануу, социалдык илимдер, гуманитардык илимдер, педогогикалык билим берүү, табият таануу илимдери).

2)      Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3)      Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суу жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик тилди билүү;
  • Мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулукка ээ болуу.

Конкурска катышууну каалаган талапкерлер “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg/ жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө беришет:
Өтүнмөгө электрондук форматтагы төмөнкү документтердин (сканерленген документтер) тиркелет.
– жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча билими болсо), ага тиркемелери менен кошо;
– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары (вкладыштары) менен;
– илимий даражасы же илимий наамы бар экендигин тастыктаган документ (эгер бар болсо);
– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгер бар болсо).

Документтерди кабыл алуу жарыянын тексти веб-сайтка чыккан күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Эскертүү: Квалификациялык талаптарга ылайык келген, документтери белгиленген талаптарга жооп берген талапкерлер гана ачык конкурска андан ары катышууга чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.

Эгерде талапкер тестирөөдөн өтсө, анда документтердин түп нускаларын өтүнмө берилген документтерге салыштыруу үчүн персоналды башкаруу кызматына аңгемелешүү этабы башталганга чейин алып келип көрсөтөт.

Зарыл болгон учурда комиссия тарабынан кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

Дареги: Ош облусу, Алай району, Согонду айылы, С. Капаров атындагы көчөсү, №76/1, Жибек-Жолу айыл өкмөтү.

Байланыш тел.: +996 706 512 064

wpChatIcon
wpChatIcon