АКЫРКЫ БЕШ ЖЫЛДА: БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫНДАГЫ МААНИЛҮҮ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Акыркы беш жылда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасын өркүндөтүү багытында бир катар маанилүү реформалар ишке ашырылды.

Мамлекеттик кызматка ачык тандоо, санариптештирүү, кадрлардын кесиптик дараметин жогорулатуу, административдик-аймактык реформа жана жергиликтүү башкарууну өнүктүрүү — Агенттик тарабынан жүргүзүлгөн иштердин негизги багыттары.

Башкы максат — натыйжалуу башкаруу, күчтүү кадрдык потенциал жана жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги.

Мамлекеттик кызмат — элге кызмат кылуу!

 

wpChatIcon