2024-жылдын 19-майдан 1-июнга чейин Японияда англис тилинде өтө турган «Defense Practice against Cyber Attacks» курс боюнча жалпы маалымат

Талапкерлер арызын Финансы министрлигине тапшыруусу кажет, арыз тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 22-февраль, 2024-ж. * узартуу мүмкүнчүлүгү жок

Талапкерлер жалпы маалымат китепчесин кунт коюп окуп чыгып, андан кийин төмөнкү документтерди чогултушу жана толтурушу керек:

Арыз формасы
Жалпы жарандык паспорттун көчүрмөсү
Англис тили деңгээлин тастыктоочу сертификаттын көчүрмөсү (эгер бар болсо)
Онлайн сурамжылоо (Жалпы маалымат китепчесинин 13-бетин караңыз)
Сунуш каты
Сиздин уюмдан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дарегине жазылган коштомо кат (уюмдун расмий бланкында датасы, чыгыш номери, кол тамгасы жана уюмдун мөөрү көрсөтүлүшү керек)
Андан кийин, документтерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин төмөндөгү кызматкерине ТҮЗДӨН-ТҮЗ КОЛУНА тапшырууңузду суранабыз:

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

— Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 58

— Эл аралык кызматташуу башкармалыгы

— Озгонов Нурсултан — (0312) 625313 (2234)

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине документтерди тапшыруу тууралуу бардык суроолор боюнча жогорудагы номерге кайрылсаңыз болот.

Тиркемеде:

Курс боюнча жалпы маалымат китепчеси    (жүктөө үчүн бул жерди басыңыз ↘ )
Арыз формасы   (жүктөө үчүн бул жерди басыңыз ↘ )
Арыз формасынын орус тилине котормосу (арыз англис тилинде толтурулушу керек, орусчасы маалымат үчүн гана тиркелди)  (жүктөө үчүн бул жерди басыңыз ↘ )
Сунуш каттын формасы   (жүктөө үчүн бул жерди басыңыз ↘ )

✦  Интервьюга талаптарга жана шарттарга толук жооп берген талапкерлер гана чакырылат.

✦ Тандоонун кайсы гана этабында болбосун, талапкердин дисквалификация болушунун себептери АЧЫККА ЧЫГАРЫЛБАЙТ.