КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадыевич 23- февраль кыргыз жоокерлерин майрамын утурлай Жети- Өгүз айылына бейрасмий иш сапары менен барды. Улуу ата-мекендик согуштун 75 жылдыгына карата өкмөттүн токтому менен ар бир мамлекеттик мекемеге төрт- бештен согуштун ардагери бекитилип берилген. Андыктан Агенттиктин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадыевич улуу Ата мекендик согуштун ардагери -Токтоназаров Амантур аксакалга жолугуп, келе жаткан  кыргыз жоокерлеринин күнү менен кутуттады. Ошондой эле жайын сурап тим болбостон, азын- оолак болсо да белегин берип кайтты. Агенттиктин директору — Эльчибек мырза аксакал менен сүйлөшүп отуруп, сөз арасында, ата — энелерибиздин тынчтык орнотуудагы эбегейсиз эмгегин даталуу күндөрү эле эмес, күн сайын эс тутумдан  чыгарбашыбыз керек деп баса белгилей кетти.