Ош облусунун Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл өкмөтү башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайтАйыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А) 1) Кесиптик билимдин деңгээли:– жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Архитектура жана курулуш, Энергетика тармактарында).2) Иш стажы жана тажрыйбасы:– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.3) Кесиптик компетенттүүлүгү:– төмөнкүлөрдү билүү:Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:Кыргыз Республикасынын Конституциясы;Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»;Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Маалымат алуу укугу жөнүндө»;Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;Кыргыз Республикасынын “Администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Мыйзамы;Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы;Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө” Мыйзамы;Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январы № 21 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” Токтому;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 212 “Аймактарды топторго, уюмдарды – Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтому;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” Токтому;кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.Билгичтиги:– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;– түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;– коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;– өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;– кириш-чыгыш документтер менен иштөө;– инвестицияларды тартуу;– бизнес долбоорлорду даярдоо;– жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу.Көндүмдөрү:– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;– түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);– маалыматтыталдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;– кириш-чыгыш документтер менен иштөө, айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин чечимдерин, жогору турган мамлекеттик башкаруу органдарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруучулук иш, отчетторду даярдоо, эмгек мыйзамдарын сактоо, инвестицияларды тартуу, бизнес-долбоорлорду даярдоо боюнча, жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу ж.б.Жер маселелери жана курулуш (мунапыс) боюнча башкы адис ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли:– жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Айыл чарба жана айыл чарба илимдери, Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Автоматташтыруу жана башкаруу, Техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштуруу жана гидрометрология, Архитектура жана курулуш, Токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү, Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү багытындагы).2) Иш стажы жана тажрыйбасы:– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.3) Кесиптик компетенттүүлүгү:– төмөнкүлөрдү билүү:Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:Кыргыз Республикасынын Конституциясы;Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»;Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Суу кодекси;Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Мыйзамы;Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы;кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү.Билгичтиги:– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;– аналитикалык документтерди даярдоо;– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.Көндүмдөрү:– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;– аймактагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер ресурстарын эсепке алуу, айыл чарба багытындагы эмес муниципалдык жерлерди, айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу, жерлерди трансформациялоо, жер мыйзамдарын сактоону жана суу ресурстарын пайдаланууну контролдоо, айыл чарба жерлерин сугаруу маселелери, өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукттарын кайра иштетүү, тоют даярдоо, үрөн чарбасы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукттарын сатуу ж.б.Сынакка катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу сканерленген төмөнкү документтерди тиркеши керек:– кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен;– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен;– илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо);– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо).Тел.: 0550 199 200 Жазуулар боюнча багыттоо Чоң-Алай айыл өкмөтү Жалпак-Таш айыл өкмөтү