Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтү улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: Чыгымдар жана сатып алуулар боюнча башкы адис (У-Б): 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык-экономикалык, Гуманитардык илимдер, Табигый илимдер, Техникалык, Архитектура жана курулуш, Энергетика тармактарында). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – айыл аймагында иштин баардык чөйрөлөрүн санариптештирүү боюнча иштөө; – “Санарип аймак”, ЭДБ (электрондук документ башкаруу); – калктын инфраструктураларынын социалдык объекттердин электрондук маалыматтар базасын түзүү; – айыл аймагынын веб-сайтын түзүү жана иштешин камсыз кылуу. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Коомдук саламаттыкты сактоо жана социалдык маданий маселелер боюнча башкы адис (У-Б): 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Экономика жана башкаруу, Социалдык илимдер, Гуманитардык илимдер, Педогогикалык билим берүү, Табият таануу илимдери, Саламаттыкты сактоо, Тейлөө сферасы, Маданият жана искусство). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Социалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Балдардын укутары жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Майыптардын укуктары жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Мыйзамы “Билим берүү жөнүндө”; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – “Санарип аймак”, ЭДБ (электрондук документ башкаруу). Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышууну каалаган адамдар “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу сканерленген төмөнкү документтерди тиркеши керек: – кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен; – эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен; – илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо); – квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо). Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтерди жарыянын тексти массалык маалыматтар каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күн ичинде Ош облусу, Чоң-Алай району, Дароот-Коргон айылы, Ч.Сулайманов көчөсү – 70/1 дареги боюнча Чоң-Алай айыл өкмөтүнө тапшыруу керек. Тел.: 0995393915, 0558888949. Жазуулар боюнча багыттоо Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтү Ала-Тоо айыл өкмөтү