Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтү улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. Улук административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: Чыгымдар жана сатып алуулар боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык-экономикалык, Гуманитардык илимдер, Табигый илимдер, Техникалык, Архитектура жана курулуш, Энергетика тармактарында). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдары: – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; – Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; – “Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – айыл аймагында иштин бардык чөйрөлөрүн санариптештирүү боюнча иштөө; – “Санарип аймак”, ЭДБ (электрондук документ башкаруу); – калктын инфраструктураларынын социалдык объекттердин электрондук маалыматтар базасын түзүү; – айыл аймагынын веб-сайтын түзүү жана иштешин камсыз кылуу. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Саламаттыкты сактоо жана социалдык маданий маселелер боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Экономика жана башкаруу, Социалдык илимдер, Гуманитардык илимдер, Педогогикалык билим берүү, Табият таануу илимдери, Саламаттыкты сактоо, Тейлөө сферасы, Маданият жана искуство). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенциялары: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; – “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдары: – Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; – Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; – “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Социалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Балдардын укутары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Майыптардын укуктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына көнүү; – Санарип аймак, ЭДБ (электрондук документ башкаруу). Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска катышууга ниетин билдирген талапкерлер «е-Kyzmat» мамлекеттик порталынын https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат. Арызга тиешелүү документтердин сканерленген көчүрмөлөрү тиркелет: – жогорку кесиптик билими бар экендигин ырастоочу документ (негизги жана кошумча билими жөнүндө – бар болсо), тиркемелери менен кошо; – эмгек китепчеси жана ага кошумча барактар (бар болсо); – илимий даражасы же окумуштуулук наамы бар экендигин ырастоочу документ (бар болсо); – квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документ (бар болсо). Талапкер конкурсту өткөрүү мезгилинин ичинде өзүнүн электрондук почта дарегине, ошондой эле «е-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында көзөмөлдөп турууга милдеттүү. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 25-ноябрынан 9-декабрына (10 жумушчу күн ичинде) чейин. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефон номерлер: 0995393915, 0558888949. Жазуулар боюнча багыттоо Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы