АГЕНТТИКТЕ JDS ДОЛБООРУНУН ЖАҢЫ ФАЗАСЫН ДАЯРДОО МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ Бүгүн Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Нишигата Котаро мырза жана Япониядан келген изилдөө тобунун өкүлү менен жолугушуу өттү. Жолугушууга Агенттиктин директорунун орун басары Бактыгуль Усеналиева катышты. Тараптар JDS долбоорунун 2027–2030-жылдарга карата жаңы фазасын даярдоо, аны ишке ашыруунун негизги багыттары жана жүргүзүлүп жаткан изилдөөнүн максаттары боюнча пикир алышты. Бактыгуль Усеналиева JDS долбоорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик потенциалын жогорулатуудагы маанилүү ролун белгилеп, анын буга чейинки этаптардагы жетишкендиктерине токтолду. Ошондой эле долбоордун жаңы фазасын даярдоодо мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын билим алуу муктаждыктарын, мамлекеттик башкаруу системасынын учурдагы артыкчылыктарын жана өлкөнүн келечектеги кадрдык потенциалын өнүктүрүү багыттарын эске алуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде жапон тарап жүргүзүлүп жаткан изилдөөнүн максаттары жана милдеттери тууралуу маалымат берип, кызматташтыктын келечеги боюнча сунуш-пикирлерин ортого салды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар JDS долбоорунун жаңы фазасын сапаттуу даярдоо жана мындан аркы кызматташтыкты улантуу боюнча пикир алышты. JDS долбоору — мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын билим деңгээлин жогорулатууга, кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана мамлекеттик башкаруу үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталган маанилүү эл аралык кызматташтык. Жазуулар боюнча багыттоо Эльчибек Джантаев «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында көчөт отургузуу иш-чарасына катышты