Сокулук районунун Манас айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.02.2026-ж. №43 Жарлыгы менен бекитилген “Ички кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык административдик кызмат орундарына ички кадрлар резервине конкурс жарыялайт: Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Башкы адис юрист Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы (У-А), 1-бирдик 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – экономика жана менеджмент, финансы, салыктар, бухгалтердик эсеп жана аудит, техникалык, юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча жогорку кесиптик билим. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Профессионалдык компетенциясы – билүүсү талап: 1) КР “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамы 2001-жылдын 19-декабры №111 2) КР “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” мыйзамы 2009-жылдын 26-майы № 170 3) КР «Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө» мыйзамы 2017-жылдын 28-апрели № 70 4)“Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамы; 5) Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси 2016-жылдын 16-майы № 59 – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди; – жөндөмдөр: маалыматтарды чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык жана стратегиялык документтерди даярдоо; тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу; кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; коомчулук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; жаңы эмгек шарттарына көнүү – көндүмдөр: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу; компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктыларга ээ болуу; Юрист башкы (У-Б), 1-бирдик 1. Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку юридикалык билими; 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Профессионалдык компетенциясы – билүүсү талап: 1) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 2) КР “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамы 2016-жылдын 16-декабры № 201 3)“Укук бузуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодекси. 4) Кыргыз Республикасынын «Пробация жөнүндө» мыйзамын; -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди; – билгичтиги: -жогору турган жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу; -документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; -тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу; -кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; -жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо; -мамлекеттик жана же расмий тилде иштиктүү кат алышуу; командалык иш; -көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөо жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg/) жеке кабинети аркылуу сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызына төмөнкү документтерди электрондук форматта (сканерленген көчүрмөлөрүн) тиркөөгө тийиш. – кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен; – эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен; – илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо); – квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо). Сынакка катышуу үчүн каалоочулар жарыя жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча Манас айыл өкмөтүнө документтерин тапшырышы керек: Манас айылы, Школьная көчөсү 19А (айыл өкмөтүнүн имараты) . Конкурска катышууга каалоо билдирген талапкерлер арызды электрондук форматта мамлекеттик “e-Kyzmat” (https://kyzmat.gov.kg/) порталы аркылуу жеке кабинети менен тапшыра алышат.Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген түрдө тиркелет: Маалымат үчүн Телефон: (0312)61-77-28; (0705) 17-96-56; Жазуулар боюнча багыттоо Чүй районунун Чүй айыл өкмөтү ачык сынак жарыялайт