Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 10,12 беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралынын № 43 “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде 2026-жылдын 10-ноябрынан 24-ноябрына чейин Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт.

Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:
– административдик муниципалдык кызмат орунунун башкы тобуна резервке;
– административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобуна резервке;

Административдик муниципалдык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар:
– Кыргыз Республикасынын жараны;
– Соттолбогон;
– 18 жашка толгон;
– Жалпы мыйзамдарды билүү:

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамын;
3. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституция Мыйзамын;
4. Кыргыз Республикасынын эмгек кодекси;
5. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
7. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
8. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
9. “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
10. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындак иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын;
3.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
4.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
5.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыгыз Республикасынын Мыйзамын;
6. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Узун-Кыр айыл өкмөттүн башчысынын орун басары кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим;
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын;
– Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексин”;
– Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
– Кыргыз Республикасынын “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлоо жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана баалоо критерийлери жөнүндө”;
– Адам ресурстарын башкаруу жаатында.
– мамлекеттик тилди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №211 “Мамлекеттик жарандык кызматчылар, муниципалдык кызматчылар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныктоо жөнүндө” токтому менен белгиленген деңгээлде билүү, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү;
билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
– башкаруучулук чечимдердин ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
– коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;
– өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
– кириш-чыгыш документтер менен иштөө;
– айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин чечимдерин, жогору турган мамлекеттик башкарууоргандарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруучулук иш, отчетторду даярдоо;
– эмгек мыйзамдарын сактоо;
– инвестицияларды тартуу;
– бизнес долбоорлорду даярдоо;
– жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу;
көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Узун-Кыр айыл өкмөттүн жооптуу катчы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-Б)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим;
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларды билүүсү зарыл:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамы
4. Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын «Жамааттар жөнүндө» Мыйзамы
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы №17 Жарлыгы менен бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө” жобосун;
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген кызмат стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобо
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 61 Жарлыгы «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды ротациялоо тартиби жөнүндө» жөнүндө жобосун билүүсү зарыл.
адам ресурстарын башкаруу жаатында;
Мамлекеттик тилди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №211 «Мамлекеттик жарандык кызматчылар, муниципалдык кызматчылар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныктоо жөнүндө» токтому менен белгиленген деңгээлде билүү, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү;
билгичтиги:
– иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
– коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө;
– өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
– кириш-чыгыш документтер менен иштөө;
– айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин чечимдерин, жогору турган мамлекеттик башкаруу органдарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруучулук иш, отчетторду даярдоо;
– эмгек мыйзамдарын сактоо;
– инвестицияларды тартуу;
– бизнес долбоорлорду даярдоо;
– жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу;
көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
– маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн Социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы кызмат ордунда коюлуучу
квалификациялык талаптар (У-А)

1) кесиптик билимдин деңгээли:
– экономика жана финансы боюнча жогорку билим.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенциялары:
– төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана тиешелүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды билүүсү зарыл:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
3. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекси;
4. Кыргыз Республикасынын “Инвестициялар жөнүндө” Мыйзамын;
5. Кыргыз Республикасынын “Ички соода жөнүндө” Мыйзамы (2002-жылдын 20-марты №40)
6. Кыргыз Республикасынын «Эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Мыйзамы (2014-жылдын 11-январы №6)
7. Кыргыз Республикасынын «Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө» Мыйзамы (2008-жылдын 5-апрели №55)
8. Кыргыз Республикасынын «Калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Мыйзамы (2001-жылдын 19-декабры №111)
9. Кыргыз Республикасынын «Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө» Мыйзамы (2009-жылдын 26-майы №170)
10. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамы
11. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамдарын билүүсү зарыл.
Мамлекеттик тилди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №211 «Мамлекеттик жарандык кызматчылар, муниципалдык кызматчылар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныктоо жөнүндө» токтому менен белгиленген деңгээлде билүү, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү;
билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси кызмат ордунда коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенциялары:
• төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
1. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”;
2. Кыргыз Республикасынын “Инвистициялар жөнүндө” мыйзамы;
3. Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
4. Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”;
5. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.
Мамлекеттик тилди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №211 «Мамлекеттик жарандык кызматчылар, муниципалдык кызматчылар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныктоо жөнүндө» токтому менен белгиленген деңгээлде билүү, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү;
билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн Социалдык, маданият, билим берүү маселелер, мамлекеттик тил боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку билим
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
төмөнкүлөрдү билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
2. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси ;
3. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация; жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын;
4. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» Мыйзамын;
5. Кыргыз Республикасынын “Калкты социалдык жактан тейлөөнү негиздери жөнүндө” Мыйзамын;
6. Кыргыз Республикасынын “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамын;
7. Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамын.
8. Кыргыз Республикасынын «Улгайган жарандар жөнүндө» Мыйзамы
9. Кыргыз Республикасынын «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө» Мыйзамы
10. Кыргыз Республикасынын “Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамын;
11. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
Мамлекеттик тилди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №211 «Мамлекеттик жарандык кызматчылар, муниципалдык кызматчылар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныктоо жөнүндө» токтому менен белгиленген деңгээлде билүү, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү;
билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
– үй-бүлөлүк зомбулук;
– диний радикализм
– пробация;
көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Узун-Кыр айыл өкмөттүн жер маселелери жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси кызмат ордунда коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б)

1) кесиптик билимдин деңгээли:
– жгорку билим Геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, топурак таануу, картография, агрономия, агрохимия жана агротопурак таануу, юриспруденция.
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3) Кесиптик компетенциялары:
төмөнкүлөрдү билүү:
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
2. Кыргыз Республикасынын Суу кодексин;
3. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин;
4. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин;
5. Кыргыз Республикасынын “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамын;
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын;
7. Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө мыйзамын;
8. Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы
9. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамы;
10. Кыргыз Республикасынын “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамы;
11. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө» Мыйзамдарын билүүсү зарыл.
12. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө
жобосун;
13. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу жобосун;
14. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын;
15. Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 “Айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн аз өндүрүмдүү айыл чарба жерлерин берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
16. Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамын;
17. Кыргыз Республикасынын Өрт коопсуздугу жөнүндө мыйзамын;
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун;
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы
№ 597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун;
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-майындагы № 219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун;
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун билүүсү зарыл.
Мамлекеттик тилди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №211 «Мамлекеттик жарандык кызматчылар, муниципалдык кызматчылар, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныктоо жөнүндө» токтому менен белгиленген деңгээлде билүү, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү;
билгичтиги:
– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
– административдик тартип бузуулар менен иштөө;
– жер мыйзамдарынын сактылышы;
– экологиялык бузуулар;
көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
– ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

“e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg/) жеке кабинети аркылуу сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызына төмөнкү документтерди электрондук форматта (сканерленген көчүрмөлөрүн) тиркөөгө тийиш.

– кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен;

– эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен;
– илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо);

– квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо).

Берилген маалыматтын аныктыгы үчүн талапкерлер жоопкерчилик тартат. Эгерде жасалма же так эмес маалымат аныкталса, талапкер сынактан четтетилиши, кадрлар резервинен чыгарылышы жана белгиленген тартипте административдик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Документтердин толук топтомун тапшырбаган же сынактын талаптарына жооп бербеген талапкерлер сынакка катышууга өткөрүлбөйт.

Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегин, ошондой эле “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү.

Сынак өтүүчү жай жана убакыты, ошондой эле катышууга уруксат берилген тууралуу маалыматты талапкерлер билдирүү аркылуу биле алышат.

Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде 2026-жылдын 10-ноябрынан 24-ноябрына чейин саат 8-30 дан 17:30 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Ысык-Ата району Ново-Покровка айылы Ленина көчөсү 335 Б, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн имараты. Сурап билүү телефондор: (0312) 607138, 0705703907.

wpChatIcon
wpChatIcon