Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызмат орундарынын төмөнкү топтору боюнча Төлөк айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо боюнча ачык конкурс жарыялайт: Административдик муниципалдык бош кызмат орундарынын улук тобунун ээлөөсүнө Төлөк айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек: 1. Кыргыз Республикасынын жараны болушу; 2. Кеминде 18 жашта болушу; 3. Кадрлар резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү. Талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек: 1.Административдик муниципалдык орундарынын улук тобу Жер маселелери боюнча башкы адис үчүн: 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – тийиштүү багыттагы жогорку билим (геодезия жана жерге жайгаштыруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, архитектура жана курулуш, техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштыруу жана гидромерология, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, логистика жана ташуунун үзгүлтүксүздүгүн уюштуруу) 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес; 3) негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү – Кыргыз Республикасынын Конституциясы -Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы ; -Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы ; -Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы ; -Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы ; -Кыргыз Республикасынын “КР Министрлер Кабинентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 207 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; жөнүндө” мыйзамы ; 4) предметтик тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү – Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын; – Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин; – Кыргыз Республикасынын Суу Кодексин, -Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын: “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” ,“Жайыттар жөнүндө”, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категориясына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, -Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тейлөө иштеринин типтик нускамасы. – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү -билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 2. Административдик муниципалдык орундарынын улук тобу Инвестицияларды тартуу, мамлекеттик сатып алуулар үчүн: 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу, финансы багыттары, бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит, салыктар жана салык салуу, башка багыттагы инженер, автомобиль чарбасы боюнча); 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин, “Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди; -билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө; – көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы (https://kyzmat.gov.kg/) жеке кабинети аркылуу сынакка катышууну каалаган талапкерлер арызына төмөнкү документтерди электрондук форматта (сканерленген көчүрмөлөрүн) тиркөөгө тийиш. – кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен; – эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен; – илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо); – квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо). Берилген маалыматтын аныктыгы үчүн талапкерлер жоопкерчилик тартат. Эгерде жасалма же так эмес маалымат аныкталса, талапкер сынактан четтетилиши, кадрлар резервинен чыгарылышы жана белгиленген тартипте административдик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Арыздар 2026-жылдын 9-ноябрынан баштап 19-ноябрына чейин “e-Kyzmat” аркылуу кабыл алынат. Суроолор боюнча төмөнкү номерге чалыңыз: 0551002473 Документтердин толук топтомун тапшырбаган же сынактын талаптарына жооп бербеген талапкерлер сынакка катышууга өткөрүлбөйт. Талапкер конкурс өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде өзүнүн электрондук почтасынын дарегин, ошондой эле “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинетине жөнөтүлгөн маалыматтарды жана билдирүүлөрдү өз убагында карап турууга милдеттүү. Сынак өтүүчү жай жана убакыты, ошондой эле катышууга уруксат берилген тууралуу маалыматты талапкерлер билдирүү аркылуу биле алышат. Жазуулар боюнча багыттоо Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл өкмөтү ачык сынак жарыялайт