Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде улук кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.
-Кыргыз Республикасынын жараны;
-Соттолбогон;
-18 жашка толгон;
-Жалпы мыйзамдарды билүү башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Улук башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
Улук башкы топ(У-Б)
1. Кесиптик билим денгээли:
-жогорку кесиптик билими;
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Профессионалдык компетенциялар:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
-Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;
-Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жөнүндө;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жайыттар жөнундө”,       “Кыргыз Республикасынын жекече турак жай курулушу жөнүндө”, “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобо, Жарандык коргонуу жөнүндө;
Билгичтиги:- Өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик тилди билүү, маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо, кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу.
Көндүмдөрү:- Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу, ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу, компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

Конкурса катышууну каалаган талапкер “e- Kyzmat” мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бере алышат- https://kyzmat.gov.kg Арызга электрондук форматтагы (сканерден өткөрүлгөн) төмөнкү документтер тиркелет:
-жогорку кесиптик билиминин (негизги жана кошумча-болгон учурда) бар экендигин ырастоочу документ, анын ичинде тиркемелери;
-эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча баракчалары;
-илимин даражасы же илимий наамы бар экендигин ырастоочу документ;
-квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документ(болгон учурда).
2026-жылдын 20-октябрынан тартып 30 октябрына чейин. Сурап билүү үчүн 0550920578 телефонуна кайрылсанар болот. Кеңеш айылы, Ленина көчөсү 60 (айыл өкмөтүнүн имараты)

wpChatIcon
wpChatIcon