Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймак аралык башкармалыгы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын күнүнө карата Нарын облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, ардагерлердин катышуусунда салтанатуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш — чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Байдылдаев Мурат Курманбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары катышты.
М.Байдылдаев өз сөзүндө бүгүнкү күндө кадр маселеси өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда экендигин, мамлекеттин маанилүү багыттарынын бири катары кадр саясатындагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, элдин ишенимин арттыруу, кадрларды түзүлгөн резервден дайындоо, ротация кылуу жаатында алгылыктуу чаралар көрүлүп жаткандыгын белгилей кетти.
Үстүбүздөгү жылы коомго ак ниет кызмат кылууга, мамлекеттин алдына коюлган милдеттерди аткарууга багытталган натыйжалуу кесипкөй кадрдык аппаратты түзүү максатында 2023-2025-жылдары Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясы кабыл алынып, ишке кирди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевичтин Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде администрациялык-аймактык реформа жөнүндө демилгеси бүт облуска жайылтылгандыгын баса белгиледи.
Жыйынтыгында алдынкы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга агенттиктин ведомстволук сыйлыктары берилди.