Агенттиктин бекиткен план-графигинин негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана айыл өкмөт башчылары үчүн “Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасы боюнча атайын окутуулар:
— Баткен шаарында Баткен Мамлекеттик Университетинде 2022-жылдын 25-апрелинде өткөрүлдү;
— Жалал-Абад шаарында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинде ушул жылдын 25-26-апрель күндөрү өткөрүлдү;
— Ош шаарында Ош Мамлекеттик Университетинде ушул жылдын 25-26-27-апрель күндөрү өткөрүлдү.
Агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгы тарабынан уюштуруу иштерине жардам көрсөтүлүп, түштүк аймагындагы ар бир райондук мамлекеттик администарция башчыларына каттар жиберилип, райондук мамлекеттик администрация башчылары жана айыл өкмөт башчылары чакырылды.
Бекитилген план-график боюнча окуу-курстарына Баткен шаарында план боюнча 34 адамдын катышуусу каралган болсо, катышкандардын жалпы саны 36ны түздү:
— 2022-жылдын 25-апрелинде саат 09:00дөн 12:00гө чейин Баткен жана Лейлек райондорунан 16 адам катышты (план боюнча 20), саат 13:00дөн 16:00гө чейин Кадамжай районунан 20 адам катышты (план боюнча 14);
Жалал-Абад шаарында окуу-курстарга план боюнча 77 адамдын катышуусу каралган болсо, катышкандардын жалпы саны 94тү түздү:
— 2022-жылдын 25-апрелинде саат 09:00дөн 12:00гө чейин Аксы жана Ала-Бука райондорунан 23 адам катышты (план боюнча 21), саат 13:00дөн 16:00гө чейин Базар-Коргон жана Ноокен райондорунан 32 адам катышты (план боюнча 20);
— 2022-жылдын 26-апрелинде саат 09:00дөн 12:00гө чейин Токтогул районунан 14 адам катышты (план боюнча 11), саат 13:00дөн 16:00гө чейин Сузак жана Чаткал райондорунан 26 адам катышты (план боюнча 19);
Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун жооптуу кызматкерлери Чуй облусуна барып катышты.
Ал эми, Ош шаарында окуу-курстарга план боюнча 93 адамдын катышуусу каралган болсо, катышкандардын жалпы саны 153тү түздү:
— 2022-жылдын 25-апрелинде саат 09:00дөн 12:00гө чейин Алай жана Чоң-Алай райондорунан 25 адам катышты (план боюнча 18), саат 13:00дөн 16:00гө чейин Араван жана Кара-Кулжа райондорунан 33 адам катышты (план боюнча 22);
— 2022-жылдын 26-апрелинде саат 09:00дөн 12:00гө чейин Кара-Суу районунан 23 адам катышты (план боюнча 17), саат 13:00дөн 16:00гө чейин Ноокат районунан 34 адам катышты (план боюнча 16);
— 2022-жылдын 27-апрелинде саат 09:00дөн 12:00гө чейин Өзгөн районунан 38 адам катышты (план боюнча 20).