АГЕНТТИК АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫНЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТАТ
Агенттик Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында Чүй облусунун жалпы айыл өкмөт башчыларын окута баштады. Окуу төрт күнгө созулуп, тармактык мыйзамдардан тарта, жаңы санариптик техналогияларды колдонуу жолдорун тыкат үйрөнүшмөкчү.
Иш чаранын ачылышына КР Президентинин Администрациясынын эксперти Азамат Шамеев, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Максатбек Саргазаков, Мамлекеттик башкаруу академиянын проректору Урмат Аманалиев катышты.
Агенттиктин негизги милдеттеринин бири болуп кадр маселеси эсептелет. Андыктан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатуу, заманбап жаңы тармактар менен көрөңгөлөрүн толтуруу багытында иш алып барат. Ошол себептен кызматчыларды окутуу, кайра окуттуу, квалификацияларын жогорулатуу максатында мамлекеттик тапшырыкты жүзөгө ашырып келет.
Чүй облусунда Административдик аймактык реформага чейин 105 айыл өкмөтү бар болсо, бүгүнкү күндө 49 айыл аймагы болуп кайрадан түзүлдү.